Menu

Видео – Айдар Халиков: “Биз, 150 миң этникалык кыргыз Садыр Жапаровду колдойбуз, Садырдын ордуна абакка канкор Алмаз Атамбаев олтуруш керек!”

Бөлүшүү:

“Биз этникалык кыргыздар Садыр Жапаровду Алмаз Атамбаевдин бийлиги Курдайдан уурдап кетип, камагандан бери аны колдогон митингдерге, бардык акцияларга кошулуп колдоп келатабыз. Анткени биз этникалык кыргыздар Садырдын алдында өзүбүздү карыздар сезебиз, себеби Садыр биринчи болуп этникалык кыргыздарды колдоп, “Кайрылман тууралу мыйзамды” жазып, парламенттен кабыл алдырган”,-деп билдирди бүгүн, 30-мартта этникалык кыргыз, “Эркин Кыргызстан” партиясынын төрага орун басары Айдар Халиков.
“Мен Кыргызстанга 2013-жылы Өзбекстандан келгемин, кыргыз жарандыгын алгамын. Азыр “Эркин Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары болуп иштейм. Кыргызстанда 65 миң этникалык кыргыздар расмий катталган. Бирок алардын тууган уруктары да келип жатышат, ошондуктан азыр Кыргызстанда этникалык кыргыздардын саны 150 миңден 200 миңге жетип калды. Биз баарыбыз “Кайрылман тууралу мыйзамды” Садыр Жапаров жазып өткөргөнүн билебиз, ошондуктан баарыбыз аны колдоп турабыз. Алтургай Өзбекстандагы этникалык кыргыздар бизге телефон чалышып, Садырдын тагдыры кандай чечилип жатат деп кызыгып сурап турушат”, – деди Айдар Халиков.
“Мурдагы президент Атамбаев менен азыркы президент Жээнбековдун айрымасы өтө чоң. Атамбаев бийликке кан менен келип, кыргыздын канын өзү канча ичти, Дача СУдагы трагедия, Оштогу эки элдин кан төгүлүшү – булардын баарына Атамбаев күнөөлүү! Муну элдин баары билет… Ошондуктан Атамбаевге кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылып, камалышы керек. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевдин конфронтацияга барганынын себеби – Жээнбеков Атамбаевдин кадрларынын коррупциясына каршы катуу талаптарды коюп жатат. Биз президент Сооронбай Жээнбековго ишенебиз! Кудай буйруса Садыр Жапаров абактан чыгат жана анын ордуна канкор Атамбаев камалыш керек деп эсептейбиз. 23-апрелде боло турган митингге катышабыз”, – деди этникалык кыргыз Айдар Халиков.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: