Menu

Москвадагы эмгек мигранттары Адахан Мадумаровго: «Сизге болгон ишенимибиз күчтүү эле, акыркы кадамдарыңыз анын баарына суу септи»

Бөлүшүү:

Урматтуу Адахан Кимсанбаевич!

Россиянын Москва шаарында жашап, турмуш-тиричилигин өткөрүп жүргөн кыргызстандык мекендештер чогулуп, ушул кайрылууну жасоого аргасыз болдук.

Биздин арабызда Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз өлкө болгондон бери карай Москва шаарында иштеп жүргөндөр бар. Ошол эле убакта келгенине жарым жыл, бир жыл болгондору да бар. Ачыгын айтканда, жыргаган турмуштан улам биз Москва шаарында жүргөн жокпуз. Өзүбүз мекенибизден алыста болсок дагы, Кыргызстандын ичинде болуп аткан ар кандай окуяларга кайдыгер карабай, ар дайым баам салып турабыз.
Өлкөбүз өнүксө экен, жергебизде дайым тынчтык болсо экен, бийлик акыйкат, адилет болсо экен деп тилейбиз. Өлкөбүздөгү саясатчылар өз көмөчтөрүнө күл тартпай, жеке кызыкчылыктарына караганда жалпы элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшса экен дейбиз. Тилекке каршы, андай элдин камын ойлогон саясатчылар өтө аз болууда.
Адахан Кимсанбаевич, биз, Москва шаарында жүргөн мигранттар сизге өтө терең ишеним менен карайт элек. Сизди өтө таза, адилет, акыйкат, өз элине ак ниет саясатчы деп эсептеп келгенбиз. Ошондон улам сизди ар кандай шайлоолордо колдоп жүрдүк. Москва шаарына келгениңизде тосуп алып, сиздин сүйлөгөн сөздөрүңүздөн кадимкидей кубат алып калат элек. Көрсө, биз сизден да адашып жүргөн экенбиз. Сиздин сүйлөгөн сөзүңүз менен жасаган ишиңиз эки башка чыгып калып атканына эми чындап көзүбүз жетип, супсунубуз сууп отурат.
2009-жылдын мартында сиз Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагындагы 275 метр аянттагы кыргыздын жерин Тажикстанга тиешелүү деп көрсөтүлгөн протоколго кол койгонуңузду билдик. Эгерде ошол документти көрбөгөнүбүздө ишенбейт элек.

Биз үчүн бул күтүлбөгөн сокку болуп калды. Сизди кыргыздын жерин саткан десе ишенчү эмеспиз. Көрсө, Каркыраны деле ушундай жол менен казактарга кармата берген экенсиз.
Экинчиден, сиз азыркы тапта «учурдагы бийликти кетириш үчүн Алмазбек Атамбаев менен бириккенге даярмын» дептирсиз. Бул кадамыңыз да бизди аябай ирээнжитти. Атамбаевдин алты жылында кандай коррупциялык иштер болгону ачыкталып атат. Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 миллиардды чапчыптыр, анын убагында. Ошол тыштан алынган карыздардын дээрлик көпчүлүгү Атамбаевдин жана анын кланынын «жеми» болуп калыптыр. Эми ошондой булганыч саясатчы менен биригип атканыңызды биз туура эмес кабыл алдык. Мунуңуз да өз мамлекетиңизге жасаган чыккынчылыгыңыз деп эсептейбиз.
Эми сиз Россиянын Москва шаарында жүргөн мигранттардын колдоосун күтпөй эле коюңуз. Ырас, сиз бул кайрылууну окугандан кийин да текеберленесиз, «Колдобой эле койгула, мен колдоо сурап атамбы» деп үстүбүздөн да түшкүңүз келет чыгар. Биз ага да кайылбыз. Каалагандай сүйлөй бериңиз, болгону эми Кыргызстандын жерин кемите тургандай, булганыч саясатчылардын саясатын колдой тургандай кадамдарды жасабашыңызды өтүнөбүз. Эгерде биздин кайрылуубузду кулак сыртынан кетирсеңиз, анда биз дагы сиздин жоопкерчилигиңиз мыйзам алкагында каралышын талап кылып чыгабыз.

Москвадагы Кыргызстандык мигранттар:

1.Ташиев К.А.

2.Байымбетова Г.А.

3.Расулбеков К.Р.

4.Абдимиталипов Р.Ж

5.Ысманов З.М. жана башкалар

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: