Menu

Видео/фото – Кумарбек Талипов, егерь: “Нарын мамлекеттик коругунун аянты 105,5 миң гектарды түзөт, анын “кызыл зонасында” 250 баш жапайы бугу-маралдар бар”

Бөлүшүү:

Нарын мамлекеттик коругунун жалпы аянты 105 519 гектарды түзөт. Анын ичинен 36 969 гектары “кызыл зона” деп эсептелип, эч ким киргизилбейт. Коруктун 3 егери корукту көзөмөлдөп келгени 28-марттан 3 күндүк рейдге чыгып келишти. Алар 3 күндүн ичинде 70 чакырымдай жолду ат менен бастырып өтүшкөн. Бул аралыкта алар жапайы тоо теке-эчкилерди, бугу-маралдарды, эликтерди жана карышкырларды көрүшкөн. Бул коруктун аймагында 250 баш жапайы бугу-маралдар бар, ал эми колго үйрөтүлгөн 13 бугу-марал питомникте багылат.

“Корук 17 бөлүккө бөлүнүп, ар бир егерге 4500 гектардан 10 000 гектарга чейинки аянт бекитилген. Өзгөчө корууга алынган зонанын узундугу 110 чакырым, туурасынын эң эле ичке жери 3 чакырымды түзөт. Эгерлер Таш-Башат айылынан чыгып, Эки-Нарынды тегеренип бастырып, Шор, Чырпыкты, Кең-Саз, Көмкөрмө, Данги, Ой-Шилби атту жерлерди аралап, Кырккулакка барып, егерлер үчүн карагайдан салынган үйдө түнөп, эртеси Чоң-Капчыгайдын ичинде көзөмөл жүргүздүк. Ал жердин тескей жагы “кызыл зона”, ал эми күнгөй жагы кайтаруудагы зона болот. Күнгөй тарабынан кар эрте кетет, ошондуктан айыл тургундары күнгөй тарабына малдарын алып бара башташты. Ошондуктан биз ал тарапка көзөмөлдү күчөттүк. Аларга токойлордогу өрт коопсуздугу, дарактар менен бадалдарды кыйбоо, жапайы жаныбарларга аңчылык кылбоо жер кыртыштарын бузбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жакында эчки-текелер төлдөй баштайт, кайра барып, аны эсепке алабыз”, – дейт коруктун егери Кумарбек Талипов.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: