Menu

«Ак-Тилек» постунда кезекте турган автоунаалардын саны 200дөн ашты

Бөлүшүү:

«Ак-Тилек – Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 200дөн ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.

Айрым автоунаалар казак тараптын текшерүүсүнөн өтпөй калган, буга байланыштуу артка кайтарылган. Абдыкариева жүк ташуучу унаалардын баары кое берилбей жатат деген маалыматтарды четке какты.

«30-мартта Казакстан бир күндө 150 машинени өткөрдү. Алардын аркасынан дагы ушунча автоунаа кезекке турду. Демек, машинелерди өткөрүп жатышат. Документтери казак тараптын талаптарына жооп бергендердин автоунаалары кое берилүүдө», – деди Абдыкариева.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта тарта пайда болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы казак тарап азырынча текшерүү эмне себептен күчөтүлгөнүн түшүндүрө элек экенин кабарлады.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» бекети чоң жүк ташуучу транспорттор өтүүгө ылайыкталган жана аларды текшерүүчү рентген аппараттары менен тараза коюлган жалгыз гана пост.

Эки өлкөнүн башка өткөрмө пункттарында автоунаа каражаттарынын жана жарандардын топтолушу, узун кезеги байкалган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: