Menu

Суталиновдун жубайы Путинден жардам сурады

Бөлүшүү:

Өлкөгө иш сапары менен келген Орус Президенти Владимир Путинден Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин мурунку жетекчиси, абактагы Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова жолдошунун абалын айтып социалдык түйүн аркылуу кайрылды. Анда Суталинова Путинди орган кызматкери катары анын абалын туура түшүнөт деген ойдо жазып атканын айткан. «Адамгерчилик менен боорукерлик Кыргызстанда же Орусияда болсо дагы сакталышы керек. Сиз ооруп жаткан офицерге карата шылдыңдоо болуп жатканы боюнча мамилеңизди билдирип койсоңуз», — деген ал. Гүлнара Суталинова буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго дагы ачык кат жолдоп, Фейсбуктагы баракчасына жазган эле. Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп абакта жатат. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: