Menu

“Фабула”: КСДПны Атамбаевден тартып алуу бийликке аброй алып келбейт

Бөлүшүү:

Азыркы тапта КСДПны экс-президент Алмазбек Атамбаевден тартып алуу аракети көрүлүп жатат. Бирок мындай көрүнүштү коомчулук терс кабыл алып, бийликтин дарегине ачуу сындарды айтышууда. «Ар Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов, «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдер да бул маселе боюнча калыс ойлорун айтышты.

Бул боюнча Феликс Кулов “Говори.тв” маалымат булагына маек берип: “СДПК партиясын экиге бөлүү акылга сыйбаган иш, бул жигиттикке да жатпайт. Мен Атамбаевге карата анчейин симпатиям деле жок, бирок тээ баштан бери партияны түзүп, түптөгөн адамдан партияны тартып алуу туура эмес. Эгер тартып алышса жакшы эмес болуп калат. Тийбегиле Атамбаевдин бул партиясына. Юридикалык жактан тартып алуу туура эмес. Сындашсын, каршы оппозиция түзүшсүн, бирок кайра каттатып алуу – бул рейдерлик” – деп билдирди.

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: «Атамбаевден КСДПны тартып алуу аракети башынан туура эмес нерсе. Атамбаев болбосо КСДП азыркы жогорку деңгээлге жетмек эмес. Катардагы партиянын президент чыгарган чоң саясий күчкө айланышына Атамбаевдин кошкон салымы чоң. Кошоматчылык жасашып, тебелеп тартып алабыз дегенден көрө, Атамбаевге мүмкүнчүлүк бериш керек эле. Аны менен таза, акыйкат шайлоодо теңтайлашып, жеңип алышса анда башка кеп болмок. Мен ачык айтайын, Атамбаевге жан тартып жаткан жокмун, чындыкты гана президентке жетсин деп айттым. Мен билем, кошоматтанып, президентти туура эмес жолго түрткөндөр бар. Ачуу болсо да президентке айткым келди, себеби ага мунун баары жетпейт, жетсе да башкача жеткизишет» – деп агынан жарылды.

Ырасында, кезинде Куловдун дагы, Ташиевдин дагы партиясын тартып алуу аракети көрүлгөн. Бирок азыркыдай пастыкка эч ким барган эмес. Ошол эле Өмүрбек Бабановдун дагы башынан өткөн. Бирок «Республика» партиясын эч ким тартып алган жок. Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» деп өзүнчө партия түптөдү, Алтынбек Сулайманов «Бир Бол» партиясын, Канат Исаев «Кыргызстан» партиясын парламентке алып келишти. Эми элестет, Өмүрбек Текебаевден «Ата Мекен» партиясын кимдир бирөө тартып алып жатса…

Демек, КСДПны Атамбаевден тартып алуу оюнун жүргүзүп жаткандарды эч ким колдобойт. Ошол эле бийликтин бетине чиркөө болот. Ошондуктан бул оюнду ким жүргүзүп жатса да президент Сооронбай Жээнбеков эсиңерди жыйып, этегиңерди жапкыла деп ооздуктап коюшу милдет. Эгер өзү кызыкдар болуп жатса аягы жакшы бүтпөйт…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: