Menu

Талас “көчмөн” оюнун көтөрө алабы?

Бөлүшүү:

Таласка иш сапары менен барган төрага Дастан Жумабеков “Көчмөндөр” оюндары Таласта өтөөрүн мактануу менен айтканын ашыкча деп турубуз. Себеби, андай оюнду бир облустун өткөрүшү канчалык кыйынга тураарын майда маараке жаатында “опуту” бар облустук бийлик жакшы билсе керек.

“Көчмөндөрдү” чамабыз чарк болбосо өткөрүп турсак жакшы эле болмок. Бирок, Таластын экономикалык абалы, финансылык деңгээли ошону көтөрө алабы? Менимче жок. Төрага Дастан Жумабеков муну ойлонушу керек. Өткөрөт. Кантип? Мамлекеттик “шордуу” мекеме, ишканалардын жонунан кайыш тилип. Бүгүнкү экономикалык абалда, төрага аны сыймыктануу менен таластыктарга: “бизде өткөнү жатат” деп төш какканы менен эртең элибизде, чоң нааразычьшык пайда болот. Ал, баягы эле “өткөргүлө” деген өкмөттүн аймактын жетекчилерин, мамлекеттик кызматкерлердин кыйноосу
менен коштолот. Өлкөдө эң аз айлык алып жан баккандар, чыдагандар мамлекеттик кызматкерлер. Алар кошумча бизнес да кыла алышпайт. Убактылары аз. “Көчмөндөрдү” өткөрүү кайсыл бир чиновниктерге кичине болсо да акча кымырууга жол,
ал эми шордуу майда кызматкерлерге шор болот. Бир эле Талас эмес, бүтүн республика кам көрөт. Демек, биринчи кезекте Талас, анан акырын башка облустарга финансылык, моралдык, психологиялык жактан сокку болот. Дегинкиси, Кыргызстандын азыркы абалында мындай ашыкча “алакөөдөндүктү” токтото туруу маанилүү. Менимче, Президент дагы, аны колдогон төрага да, өз бийлик структурасынын ичинен сыздаган, бери карап күлүп, ары карап ыйлаган “саамалыктын” авторлору болгонго гана жарап калышаары турулуу эле иш. Эсиң барда этегиңди жап десек да таарынышаар, бирок абалыбыз ошондой эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: