Menu

Видео – ИИМ: 10 миң доллар опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап талап кылган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө  бөгөт коюшту. Белгисиз адамдар, өздөрүн криминалдык авторитет катары аташып, Чүй облусунун жашоочусунан ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Талап кылган акча каражатын төлөөдөн баш тарта  турган болсо, кылмышкерлер жабырлануучуга карата физикалык күч колдоно турушкандыгын айтып коркутушкан.  Алардын коркутууларынан эч кандай пайда чыкпаган соң, зомбулук көрсөтүүгө өтүшкөн.

2019-жылдын март айынын башында ички иштер органдарына бейбаштык жана опузалап талап кылуу фактылары жөнүндө арыз келип түшкөн. Күндүзү кылмышкерлер Чүй облусунун жашоочусунун үйүнө барышып, 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылышкан. Ошол эле учурда бычак менен коркутушуп, денесине жаракаттарды келтиришип, ишкерди күч колдонуп автоунаага салышып, адам жок жерге алып барышып, автоунаанын багажына камаган. Жабырлануучунун туугандары издеп келип калганын байкашкан соң аны коё беришип, өздөрү кетип калышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу), 170-берененин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо), 266-берененин 2-бөлүмүнө (Бейбаштык) ылайык сотко чейинки иликтөөлөрүн башташкан. Жогорудагы фактыны иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери  тартылган.

КМКнын УККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү такталган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде шектүүлөрдү бири Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган Дж. А. аттуу кармалган. Ал мурда карактоо жана опузулап талап кылуу беренелери боюнча соттолгон. Криминалдык милиция  кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин  ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү учурунда далил буюм катары жабырлануучуну коркуткан бычак табылган.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: