Бул сүрөттөгү 00-02 ТА мамлекеттик номериндеги автоунаа. Аварияга чейин КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына мыйзамдуу катталган. Азыр Талас облустук администрациянын балансынан Бакай-Ата районунун айыл-чарба департаментинин балансына өткөн. Себеби, бул транспортту 2016-жылдын 28-декабрь күнү, түнкү саат 23-00дөн кийин ошол убактагы Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов унааны айдап бара жатып, Талас шаарында авария кылган.
Азыркы учурда кызматтык автоунаа Бакай-Ата районунун айыл-чарба департаментинин гаражында экинчи кызматтык унаа болуп катталып, жүрбөгөн, жараксыз абалда турат. Анткени Чолпон Төрөкулов азыр Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы. КР Айыл-чарба министри мыйзамсыз жана бүлүнгөн кызматтык унааларды өзүнүн райондогу тармактарына түртө береби? Жоопкерчилик кимде? Ким көзөмөлдөйт? Таза коом качан болот?
Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры
Талас облусу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ