Menu

Динара Зарлыковна кызматкерлерин калкалоодобу?

Бөлүшүү:

Эсиңиздерде болсо, 26-мартта саат 17:00 чамасында Ала-Арча коругунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылган. Ал Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт. Аны менен биргеликте Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүнүн 3 кызматкери чогуу болушкан. Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны 1992-жылы туулган кыз, Улуттук госпиталдын кызматкери башкарып бара жаткан жана рулга ээ боло албай авария болгон. Жабыр тарткандар Нурлан Турганбаевден тышкары 1970-жылкы Нурбек Имакеев жана 1990-жылкы кыз болгон. Алар алгач Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна (БНИЦТО) түшүшкөн. Бирок аларды кийин Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которуп кетишкен. Фейсбук колдонуучусу Наталья Семенованын билдиргенине караганда төртөө тең алкоголдук ичимдик ичкени белгилүү болгон.

Күбөлөрдүн айтымында жол кырсыгы күндүзгү саат 11.00дө болгон. Аларга ден соолук каалап, буттарына туруп кетишин кудайдан тилейбиз. Бирок Улуттук госпиталдын жетекчиси Динара Сагинбаева менен байланышуу мүмкүн эмес болгондуктан суроо жаралууда. 26-март бейшемби күнү, саат 17.00 бул жумуш убагы эмеспи?! Улуттук госпиталдын кызматкерлери тоо тарапта жумуш убагында эмне кылып жүрүшкөн? Жана Динара Сагинбаеванын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунан Улуттук госпиталга которуп алуусу бул алардын жеке кызыкчылыгындабы? Кызык, жөнөкөй адамдар жабыркаса дагы ушундай камкордук болобу?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: