Menu

Нур-Султан соту Светлана Глушкованын судьяны алмаштыруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Бөлүшүү:

Нур-Султан административдик соту «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын судья менен прокурорду алмаштыруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

1-апрелдеги сот отурумунда судья жабырлануучу тараптын талабына ылайык журналисттер залдан чыгышы керектигин билдирген. Буга байланыштуу Глушкова судьяны алмаштыруу боюнча өтүнүч келтирген. Бирок бүгүн Нур-Султан шаарынын райондор аралык административдик соту судьяны алмаштырууга эч негиз жок деген чечим кабыл алды.

Журналист 22-мартта борбор калаада өткөн нааразылык акциясы маалындагы кармоолорду чагылдырууга тоскоолдук кылган кызды «түртүп жиберген» деп айыпталууда.

«Уруп-согуу» беренеси менен каралып жаткан бул иш боюнча Глушкова айыппул төлөп же 10 суткага административдик камакка алынышы мүмкүн.Журналист айыптоолорду четке кагып, бул иште саясий боёк бар экенин жана анын ишине тоскоолдук кылууга багытталганын билдирүүдө.

Бүгүн Глушкованы колдоо үчүн сотко ондогон жаран келди. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, сотко келүүгө камынган кеминде төрт киши — Кайрат Сейткалиев, Серик Жахин, Нурсулу Хамзина жана Назым Серикпаев үйлөрүнөн чыгары менен кармалышкан.

22-мартта Глушкова Нур-Султандагы «Шапагат» базарында кармоолорду чагылдырып жатканда, журналистти полиция кызматкерлери алып кеткен. Анда Глушковага карата шаар тургундарынын бири арыз жазып, журналист аны түртүп жибергенин билдиргенин айтышкан. Бирок Глушкова полиция бөлүмүндө беш саат кармалып тургандан кийин протокол толтурбастан бошотушкан.

Акыркы жолу журналист 31-март күнү кечинде Алматыдан учуп келгенден кийин Нур-Султан аэропортунда кармалган. Анда Глушкова протокол түзүп, административдик иштин көчүрмөсү менен сотко чакыруу кагазын бергенге чейин аны төрт саат аэропорт имаратында кармап турушканын айтып, полиция анын укуктарын бузганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: