Ал эми Путинге белекке берилген тайган тууралуу «Школа Орлова» кинологдор борборунун жетекчиси Виталий Орлов оюн төмөнкүдөй айтты:
—Кыргыздар Путинге белекке берген тайган бул өтө баалуу жаныбар. Мындай итти үйдө диванда же болбосо мойнунан байлап алып көргөзмөлөргө катыштырбайт. Булар өзүнчө бир искусство, уникалдуу жаныбарлар болушат. Тайган Тянь-Шань өрөөнүнөн чыккан ит күлүгү. Мындайларды базардан сатып ала албайсын, чектелүү баасы жок, өтө баалуу, кымбат жаныбарлар. Тайганды дагы өз ишин мыкты билген гана адам кармайт. Тайган 6 айлык, аты Шерхан экен. Тайгандын негизги милдети анын жумушунун натыйжасы. Спортто деле спортчулар ден соолугунан профессионалдыкты бийик коет эмеспи. Ушул сыңарындай. Тайгандар жалгыз суур, түлкү ала алышат. Ал эми экөө болсо тоо эчкисине, карышкырларга салууга болот. Кыргыздар өздөрү учүн эң баалуу болгон белекти беришиптир. Асыл тукумдагы аттар менен күлүк иттер кыргыз элинин улуттук баалуулугу болуп саналат. Мындай белекти өтө сыйлуу конокко гана беришкен.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ