Menu

Баткен башчысы кетти, кезек Таласка жеттиби?

Бөлүшүү:

Өкмөт башы Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Баткенге иш сапары менен барды. Өкмөт башчы ошол эле күнү облустагы өкмөттүн мурунку өкүлү Абиш Халмурзаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызына кол коюп, анын ордуна Кадамжай районунун мурдагы акими болгон, облус жетекечилигине барганга чейин мамлекеттик кадр кызматын жетектеген Акрам Мадумаровду дайындаган буйругун чыгарды. Бул жүрүштөр күтүүсүз болгон жок. Буга чейин Халмурзаевдин айланасында ар кандай сын пикирлер айтылып келген болсо, жакында тажик-кыргыз чек арасында чыр чыгып, ал мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп, Президент өзү дагы бул маселеге кайрылган эле. Коомчулукта түрдүү сындар өкмөт, ЖК, ал турсун президентке чейин айтылып, чек ара көйгөйү кыргызга “кылымдын” мүшкүлү катары сыпатталган. Мына ушундан соң Баткен башчысынын тагдыры баарына түшүнүктүү болуп калган десек болот.

Ал ортодо Талас облусунун башчысы Марат Мураталиевдин дагы бактысы “тайып”, аз күндө кызматын бошотуп берээри тууралуу каңшаар кеп жүрүүдө. Аны узун кулактар, алдыдагы шайлоого даярдык көрөт экен таризде айтышууда. Мураталиев Таластын чек арасынан мурады бийликтегилерге караганда 30 млн. сом көбүрөөк түшүрүп атса, кайсыл кара теке сүзүп атат, ким билсин?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: