Menu

БУУ: Дүйнө жүзүндө улгайган кишилердин саны өсүүдө

Бөлүшүү:

Улгайган адамдардын санынын өсүшү шаардык жашоочулардын кескин көбөйүшүнө алып келет, мунун ар түрдүү кесепеттери бар. Бул тууралуу БУУнун Калк жана өнүгүү комиссиясынын баяндамасында айтылат.

Документке ылайык, улгайган кишилердин санынын өсүшүнө байланыштуу демографиялык жараяндар көптөгөн өлкөлөрдө курчап турган чөйрөгө олуттуу оорчулуктарды алып келүүдө. Ал экономикалык жана социалдык көйгөйлөрү менен коркунучтуу. БУУнун маалыматы боюнча акыркы 25 жылда дүйнөдө адамдын орточо жашоо узактыгы 64,9дан 72,3кө көбөйгөн. 2030-жылга карата бул көрсөткүч эки эсеге жогорулайт.

БУУнун Башкы катчысынын баяндамасында төрөлүү деңгээли азайып, Жер калкы карып баратканы белгилет. Божомолдор боюнча 2050-жылы дүйнөдөгү калктын 70% төрөлүүнүн жалпы көрсөткүчү төмөн болгон өлкөлөрдө жашайт.

БУУнун чен-өлчөмүнө ылайык, 65 жаштан ашкан кишилер “карыган” болуп эсептелет. 2019-жылы алардын саны Европада 19, Түндүк Америкада 16 пайызды түзөт. 2050-жылга карата карыган кишилердин үлүшү Европада 28, Түндүк Америкада 23 пайызга чейин жогорулашы мүмкүн. Бул убакыт аралыгында Азия, Латын Америка, Кариб бассейининдеги улгайган адамдардын саны дагы көбөйөт. 21-кылымдын ортосунда карыган кишилердин үлүшү 9 пайызды түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: