Menu

Тажикстандын Салык комитети интернеттин тарифин жогорулатуу демилгесин колдоду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Салык комитети интернеттин баасын жогорулатуу тууралуу өлкөнүн Монополияга каршы кызматынын чечимин колдоду.

Аталган мекеменин буйругуна ылайык, быйыл 27-марттан тарта өлкөдөгү мобилдик операторлор 1 Мб интернеттин баасын кеминде 5 дирамга чейин жогорулатышы керек болчу. Эгер буга чейин тажик операторлорунун 1 гигабайт интернети болжол менен 30-35 сомони (3-3,6 доллар) турса, 27-марттан кийин 51 сомониге (5,3 доллар), кошумча нарк салыгын эсептегенде 63 сомониге (6,7 доллар) чейин кымбаттады. Мындан тышкары ал буйрукка ылайык, NGN аркылуу сүйлөшүүлөрдүн баасын 10 эсеге — 10-12 дирамдан (0,01 доллар) 1,2 сомониге (0,12 доллар) чейин жогорулатуу пландалууда.

Тажик салыкчыларынын билдиришинче, электр байланыштары өнүгүп, заманбап технологиялар колдонулуп жатканына карабастан, акыркы жылдары мобилдик компаниялардын кирешеси кыйла азайып, казынага түшкөн салыктын көлөмү дагы төмөндөп жатат.

«Акыркы жылдары түйүндөр аралык, шаарлар аралык жана эл аралык үн чалууларынын, ошондой эле телематикалык кызматтардын (интернет) тарфиги өсүп жатат. Тажикстандын жашоочулары Вайбер, Инстаграм, Телеграмм, ИМО, Фейсбук, Твиттер менен көбүрөөк сүйлөшө башташты. Алар интернетке гана акча төлөп, жогорудагы бардык кызматтарды пайдаланып жатышат.Бул көрүнүш мобилик компаниялар үчүн ыңгайлуу, анткени мыйзамда мегабайттарды өлчөө бирдиги так аныкталган эмес», — деп жазылган Салык комитетинин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, буга чейин айтылган кызматтар үчүн 2018-жылы төлөнгөн салыктын өлчөмү 772,5 миллион сомонини (81 миллион доллардан ашык) түзгөн. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 367,2 миллион сомониге (38,6 миллион доллар) же 67,8 пайызга аз.

Монополияга каршы кызматтын интернеттин тарифтерин жогорулатуу тууралуу буйругу тажикстандыктардын нааразылыгын жараткан. Бул тууралуу 28-мартта президент Эмомали Рахмондун төрагалыгында өткөн өкмөт жыйынында өлкөнүн Байланыш кызматынын башчысы Бег Сабур дагы билдирген. Анда Салык комитетинин башчысы Нусратулло Давлатзода өлкөдө интернет дүйнөдөгү эң арзан интернеттердин бири экенин айтып, тарифтерди жогорулатуу Тажикстандагы коопсуздукту камсыздоого түрткү болорун айткан.

Түрдүү маалыматтар боюнча Тажикстанда калктын 15 пайыздан 40 пайызга чейинки бөлүгү интернет колдонот. Тажик Байланыш кызматы бүгүнкү күндө өлкөдө үч миллионго жакын интернет колдонуучу бар экенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: