Menu

Уурдалган 1 миллион доллардын изи изилдениши керек

Бөлүшүү:

Жакшы максаттарда түзүлгөн Агропродкорпорациясынын тагдыры талкаланган абалга келгенине көп деле убакыт болгон жок. Айыл турмушун оңдоп, дыйкандарга жардам көрсөтүү максатында уюшулган бул тармакты “таламай” менен эле тындым кылышты. Баштагы буудай уругун Россиядан алып келип, дыйкандарга бермекчи болгон максаттардын тилегине суу себилип, же акчадан же буудайдан жок калгандан кийин деле анын сары изине түшүп, мамлекеттик тийиштүү жетекчилер текшерүүгө алса болоор эле, бирок бир жетекчинин бүйүрүн кызытпай койду. Кыязы, кызыктуу акчалар “катталар” тараптан корголуп турду.

Анысы ал болсун. Андан кийин дал ушул мекеме Россия тараптан селитра алып келебиз деп, орус тараптын аты-жыты жок фирмасы менен 1 млн. долларга келишим түзүп, анын дагы этеги эч нерсе жок, же селитра же миллион долларсыз калышты. Мына ушул иш көптөн бери териштирилип келе жаткан. Аныгын эч ким уккан деле жок. Баардык иш соттордун колуна түшүп, 2018-жылы 30-майда биринчи май райондук сотунун төрагасы Боромбаев Абдразак Агропродкорпорациясынын 1 млн. доллар боюнча ишин кароосуз калтырып койду.

2018-жылдын октябрь айында Бишкек шаардык соту бул ишти карап, сот Момуналиев, биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 20-мартта Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун күчүндө калтырган чечимин Токтомамбетов Кеңешбек төрагалык кылган Жогорку Сот дагы баардык ишти туура дегендей күчүндө калтырып берген. Текебаевди орустун бир аферисти үчүн камап койду. Ал эми бул жерде 1 млн. доллардын этеги жок болуп, тааныбаган эле орустун бир фирмасы күнөөлүү десе, соттор аларга макул болуп, “туура ошол орус тарап күнөлүү” дегени күлкү келээрлик иш болууда.

Мамлекеттин казынасын толтура албай жатсак, 1 млн. долларды кайдагы бирөөлөрдүн колуна салып берип жатканыбызга таңбыз. Тийиштүү жетекчилер бул иштерге ичинен киришип, аныгын ачыктабаса азыркы бийликке аброй алып келбеши турулуу иш.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: