Menu

Кыргызстан менен Чеченстандын муфтийлери экстремизмге каршы кызматташат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен Чеченстандын муфтийи Салах-Хаджи Межиев Грозный шаарында жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу «Ислам – мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» аттуу эл аралык конференциянын алкагында өттү. Анда чечен муфтийи кыргыз элине 1944-жылдары көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, тараптар эки өлкөнүн дин башкармалыктарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында пикир алышты.

Ал эми муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кызматташууга даяр экенин билдирди. Маалыматка ылайык, мындан тышкары тараптар салттуу исламды жайылтууда жана экстремизмдин, терроризмдин алдын алууда тыгыз байланышта иш алып барууну да талкуулашты.

«Ислам – мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» конференциясы 28-мартта Москвада башталган. Ага 43-мамлекеттен 250 делегат чакырылган. Жыйын 30-мартта Чеченстандын борбору Грозный шаарында ишин аяктады.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: