Райондук жана облусттук соттордун айлык акысы 25-35 миң сомду түзөт. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.
Анын аыйтымында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сотторунун маянасы 45-50 миң сомду түзөт.
«Казакстандагы соттордун айлык акысы алда канча жогору, бирок алардын өлкөсү дагы бай. Биз аларга кубанып жатабыз.Айлык акыны көтөрүү үчүн бюджетте каражаттар жок экенин биз түшүнүп жатабыз. Региондордогу соттор менден маянаны жогорулашы тууралуу сурашты. Алардын айлык акысы статусунуа туура келбегенин билдирип, акыркы жолу маяна 2013-жылы көтөрүлгөндүгүн айтышты. Сот системасын каржылоо көбөйүүдө жана соттор ишенимди актоо үчүн жакшы иштеши керек. Ошондо айлык маяна көтөрүлөт»,-деди Гүлбара Калиева.
Ал Орусия президенти Владимир Путиндин соттор менен жолугуушусун мисал кылды. Фемида өкүлдөрү айлык маянанын аздыгына нааразы болгондо, Орусия башчысы айлык маянаны баскычтар менен көтөрүп жаткандыгын билдирип, бул нерсе кимдир бирөөгө жакпаса, бизнеске кетүүнү сунуштаган.
«Бул сөздөрдү мен өз сотторума дагы кайталадым, аларды кандай айлык күтүп жаткандыгын алар билишкен да. Соттор арызданганды дароо токтотушту»,-деп билдирди Гүлбара Калиева.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ