Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасында муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга албан ийгиликтерди, бекем ден соолук каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: