Menu

Видео – Каныбек Иманалиев: “Байыркы доордо биздин чөлкөмдө 7 кагандык болсо, азыр Кыргызстан менен Кытай калды”

Бөлүшүү:

Азыркы он эки айлык жана он эки жылдык ай-жыл календарынын чыныгы ээси – кыргыз эли. Ошондуктан, аны ЮНЕСКОдо кыргыз элинин руханий материалдык эмес баалуулугу катары каттоодон өткөрүү керек. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан «Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» темасындагы илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө билдирди. Депутат дүйнөдө жылыга 25-30 эл өзүнүн өзүнүн эне тилин жогото турганын эске салды.

«Демек, көптөгөн улуттардын элдик салт-санаасы менен нарк-насили унутта калып, улуттук баалуулуктарынын башкы таянычынан айрылып калууда. Мисалы, байыркы доордо биздин чөлкөмдө 7 кагандык болсо, азыр Кыргызстан менен Кытай калды. Менимче, ал экөөнү улуттук наркы-насили менен салт-санаасы сактап калды. Жашоо мыйзамы ушундай, ал баардык мыйзамдардан жогору турат», – деди ал. Эл өкүлү андан ары чакан кыргыз элинин жалпы адамзаттын дүйнө таанымына кошкон салымы зор экенин баса белгиледи. «Мисалы, азыр дүйнөдө негизинен эки календар – григориан жана ай-жыл санагы колдонулат. Азыр биз анчалык маани бербеген дал ошол он эки айлык жана он эки жылдык ай-жыл календарынын чыныгы ээси кыргыз эли болуп саналат. Муну тастыктай турган тарыхый далилдер арбын. Ошондуктан, аны ЮНЕСКОдо кыргыз элинин руханий материалдык эмес баалуулугу катары каттоодон өткөрүү зарыл», – деди Каныбек Иманалиев. Биринчиден, Саймалуу-Таш сындуу таш-сүрөттөрдө ай-жыл календары түшүрүлгөн. Экинчиден, кытай жазуу булактарында кыргыздар гана ай аталыштарын кийиктерге байланыштуу атай турганын жазылып калган. Андан тышкары, «Манас» эпосунда, Оркон-Энесай жазууларында да кыргыздардын ай-жыл календары камтылып калган. Ал эми Радлов, Томсон, Малов сыяктуу бир катар чет өлкөлүк ири окумуштуулар мындан 200 жыл мурда эле ал кыргыз элине таандык экенин айтып-жазып кетишкен. Демек, биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды сактап калышыбыз керек. Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен «Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» темасында илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар менен мамлекеттик органдардын жетекчилери, окумуштуулар менен адистер, эл аралык уюмдар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: