Menu

Казакстанда сот журналист Глушкованы айыпка жыкты

Бөлүшүү:

Нур-Султандагы административдик сот «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушковага «Уруп-согуу» беренеси боюнча кине коюп, 25 миң теңге (66 доллар) айыппул салды. Жеңилдиктер эсептелгенден кийин айыппулдун көлөмү 8 838 теңгени (23 доллар) түздү.

Укук коргоочулар соттун мындай чечимин «бийликтин журналисттин ишине тоскоолдук кылуу аракети» деп баалашты.

Полициянын билдирүүсүнө караганда, журналист 21-22-март күндөрү казак баш калаасынын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын митингин чагылдырып жатып, көчөдөгү кызды түртүп жиберген. Ал кыз полицияга арыз жазган. Сот журналистке каршы кылмыш ишинин козголушун «мыйзамдуу» деп тааныды.

Глушкова өзүнө тагылган айыпты «саясий жүйөсү бар» деп четке кагып, бийликтин аракетин «кесиптик ишине тоскоолдук кылуу» деп баалаган.

Глушкованы колдоп сотко маалымат каражаттарынын ондогон өкүлдөрү жана активисттер чогулушту. Бирок судья Асия Дощанова процессти түз чагылдырууга тыюу салды. Шейшембдеги сот жараянына журналист жана анын адвокаты катышкан жок.

22-мартта Глушкованы полиция кармап кетип, беш сааттан кийин коё берген.Ал эми 31-мартта аны күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аэропорттон кармап, төрт сааттан кийин гана сотко чакыруу кагазын тапшырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: