Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекованын күйөөсү 26-мартта “Ала-Арча” капчыгайынан кырсыкка учурап, ооруканага жаткырылганы маалым болду. Белгилүү болгондой Өмүрбекованын күйөөсү ЖК депутаты Руслан Казакбаевдин иниси болот. Ал атасы Айтпай Казакбаевдин жолун жолдоп, Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет. Вице айымдын жолдошу менен кошо 1990-жылы туулган кыз да оор жаракат алган. Ал күнү төрт кесиптеш “Ала-Арчадан” эс алып кайтып келатканда, “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унааны 1992-жылы туулган кыз айдап баратып, рулду башкара албай калган. Кызыгы, вице айымдын жолдошу өзү курду досу менен эки жаш кызды “Ала-Арчага” иш күнү алып барып эс алганында болуп жатат. Бул боюнча да кызыктар али алдыда ачыкталса керек. Анын үстүнө алардын ичимдик ичкендери да айтылууда.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ