Menu

Текшербек аксакалдын баласы баарын айтып береби?

Бөлүшүү:

УКМК камакта жаткан Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсүн четке какты. Эске сала кетсек, Зилалиев буга чейин: “УКМКнын кызматкерлери кыйнап, Атамбаевге каршы көрсөтмө бер. 1 миллион долларды Илмиянов аркылуу Атамбаевге бергем деп айтсаң, сени УКМКнын СИЗОсунан коё беребиз дешти” – деп өз арызында жазганы ачыкка чыккан. УКМКнын кызматкерлери бул маселе боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, анын айткандарын четке какты. Учурда Зилалиевге козголгон кылмыш иши боюнча дагы эле тергөө иши уланууда. Экс-чиновник болсо, тиешелүү көрсөтмөлөрдү бербей, баш тартып жатканы айтылууда. Зилалиев айткан маселе канчалык деңгээлде чындыкка жакындайт, аны убакыт таразалайт. Бирок кыйноо катуу болсо, Текшербек аксакалдын баласы өзү менен иш кылып, кезинде өзү “отметка” кылып келгендерди текши ачыктап, мыйзамсыз иштерин да, айтор баарын божурап бериши мүмкүн. Эмнеге дегенде жан деген таттуу да. Адам катуу кыйналганды жаман көрөт эмеспи.

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: