Menu

Душанбенин борборунда бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкери жазадан кутулду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Душанбеде бейтааныш аялды сабаган деп шектелип жаткан милиция кызматкери Сафарбек Махмадсаидзодага каршы кылмыш ишин козгобойт.

Мекеме мындай чечимин тартип сакчысы өзүн жана айланадагы адамдарды мас абалындагы аялдан коргогондугу менен түшүндүрүүдө. Бирок укук коргоочулар милиция кызматкерин жазалабоо — адилеттүүлүк жана мыйзам алдында бардык адамдар бирдей деген принципти бузуп жатканын билдиришүүдө.

Өз булактардын маалыматына караганда, текшерүүлөрдөн кийин укук коргоо органдары Махмадсаидзода профессионалдык этиканы бузган, бирок анын кылмыш кылуу ниети болгон эмес деген жыйынтыкка келишкен. Булактын айтымында, тартип сакчысы көчөдөгү адамдарга коркунуч жараткан мас абалындагы аялды тынчтандырган.

«Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен видеокамералардагы кадрлар биринчи аял милиция кызматкерине асылганын көрсөтүп турат. Укук коргоо кызматкери коомдук тартипти сактоо максатында аялды тынчтандырууга аргасыз болгон», – деди булак.

Окуя 21-мартта болгон. Тартип сакчысы Душанбенин борборунда бейтааныш аялды сабап жаткандыгы тартылган видео ошол эле күнү интернетке жарыяланып, колдонуучулардын кызуу талкуусун жараткан. Тасмада аял бетин жаап, милиция формасын кийген адамдын урбоосун өтүнүп жатканын жана көчөдөгү адамдар анын психикалык жактан оорукчан экенин айтып жатышканын угууга болот. Бирок тартип сакчысы бул сөздөрдү укпай, аялды бир нече жолу уруп жиберген.

Бул видео жарыялангандан кийин Сафарбек Махмадсаидзода өлкөнүн ички иштер министринин буйругу менен иштен алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: