Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде КР Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоевди, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди жана КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөдөгү санариптик трансформация боюнча чаралар жана милдеттер, ошондой эле 2018-жылдын 14-декабрында өткөн өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынынын чечимдерин аткаруунун жүрүшү талкууланды.

Бакыт Шаршембиев жана Нурия Кутнаева маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жаатында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып беришти.

Учурда 47 мамлекеттик орган (59 маалымат базасы) «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулган, 16 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыз кылынды.

Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү негизги, артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

“Санариптештирүү өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде биздин жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, маалымкат алуу жана мамлекеттик органдардын ортосундагы документ жүгүртүү процесстерине чейин жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүн камтыйт. Бул үчүн мамлекеттик органдар процесстердин баарын кайра карап чыгып, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду жоюп, регламенттерди жөнөкөйлөштүрүүсү керек”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүүдөгү милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирип, кыска мөөнөттө активдүү өнүгүүгө жана өлкөнүн бардык жашоо-турмушуна санариптештирүүнүн киришине тоскоол болуп жаткан кемчиликтерди жоюуну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: