Menu

Баткен жана Челябинск облустары достошту

Бөлүшүү:

Баткен облусуна Орусиянын Челябинск облусунун экономиканы өнүктүрүү министри Сергей Смольников менен аталган министрликтин тышкы зкономикалык байланыштар башкармалыгынын башчысы Дмитрий Глухарев иш сапары менен келишти. Атайын делегацияны Баткен районунун акими Кеңеш Салихов жана Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаров Баткен азропортунан тосуп алышты.

Орусиялык делегация адегенде Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жылдызбек Исакулов баштаган жергиликтүү жетекчилер менен жолугушуп, Баткен-Челябинск облустары мындан ары кайсы өңүттө алакалашаары туурасында кең-кесири баарлашышты. Буга улай Баткен облусунун инвестициялык дарамети жөнүндө дагы атайын тасма тартууланды.

– Баткен агрардык аймак экендигин эске бекем тутуп, мындан ары айыл чарба техникаларын чыгаруучу ишканаларды ачуу, айыл чарба продукцияларын Челябинск облусуна түз эле экспорттоо багытында кызматташсак болчудай, – деди Челябинск облусунун Экономиканы өнүктүрүү министри Сергей Смольников.

Анткени, Баткен облусунда өндүрүлгөн экологиялык жактан таптаза айыл чарба продукцияларын Түштүк Уралга башка мамлекеттердин атынан барышы адилетсиз болуп келгендиги айтылып, муну үчүн аймакка ири логистикалык борборлорду куруунун үстүндө иш алып баруу зарылчылыгы баса белгиленди. Ошондой эле эки облустун ишкерлеринин ортосунда кызматташууну мындан ары жандантып, биргелешкен ишкердик жүргүзүүгө көмөктөшүү жагы дагы айтылды.

Орусиялык делегация андан ары Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы мөмө-жемишти жемишти кургатуучу Алтын-Аймак ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, аны менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы сүйлөшүштү. Аталган ишкана негизинен өрүктү кайра иштетип, кургатып жана таңгактоо менен алектенет. Белгилей кетчү жагдай: Баткенде жыл сайын 120 миң тонна кургатылбаган, 30 миң тонна кургатылган өрүк өндүрүлөт. Мындан тышкары Кадамжай районунун Кан айылындагы магнезит кени чыккан аймак бар. Бул жерде 180 миң тонна магнезит кенинин кору бар.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: