Menu

Видео – Карамат Орозова: “Чек арадагы Аксай айылында мурун 3000 кыргыз жашаса азыр азайып, 2000 эле кыргыз калыптыр, ал эми тажиктердин Ворухунда жыл сайын калк көбөйүп жатат”

Бөлүшүү:

“Кыргыз-тажик чек арасындагы Аксай айылында мурун 3000 кыргыз жараны жашаса, азыр азайып, 2000 эле кыргыз калыптыр. Ошол эле учурда коңшу тажиктердин Ворух айылында тажиктердин саны жыл сайын кескин көбөйүп баратат. Ошондо биз канткенде кыргыздардын чек арадагы санын сактап кала алабыз. Ал жерге жумушчу орундарын түзүш керек. Кийим тигүүчү цех, жемиштерди кургатуучу цех сыяктуу чакан ишканаларды жеке ишкерлер куруп беришсин. Ишкерлерди кызыктырыш үчүн аларга кандайдыр бир жеңилдиктерди бериш зарыл. Ал айылдардагы кыргыздардын негизги жумушу – чек араларды кайтарышы керек”, – деп билдирди бүгүн, 3-апрелде КСДПчы депутат Карамат Орозова парламенттин отурумунда Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып.

Андан сырткары депутат Карамат Орозова Баткен облусунун айрыкча, Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр айылдарында дайыма жаз маалында – сугат же жайлоого чыгуу маалында коӊшу Тажикстан Республикасынын чек арага танапташ айылдарынын тургундары менен чатак чыгаарын белгилеп, биздин жергиликтүү тургундардын тынчтыкты камсыздоо сыяктуу бир катар талаптарды коюп жаткандыгын тизмектеди.

Эл өкүлү жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Өкмөткө аталган айыл өкмөттөрүнүн айылдарына 1-категориядагы чек ара макамын берүү, чек ара заставаларын оӊдоп-түзөө, андагы аскерлердин санын көбөйтүү, Ак-Сай айыл аймагына өзүнчө милиция бөлүмүн ачуу, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына ФАП ачуу, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарын куруу, айыл тургундарын жумуш менен камсыздоо, жеӊилдетилген ссудаларды берүү, үйлөрдүн документтерин тактап бүтүрүү маселелерин сунуш кылды. Ошону менен катар тажик айылдарын аралап мектепке барган окуучулар үчүн өз айылдарына мектеп куруу, эли азайып бараткан Ак-Сай сыяктуу айылдарда элди кармап калуу үчүн компенсация берүү, социалдык жактан көмөк көрсөтүү, электр кубаты маселелерин дагы аткаруу бийлигинин астына койду.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: