30-март күнү Индиянын Хайдарабад шаарында (Теленгана штаты) Кыргызстандагы ЖОЖдорунун медициналык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн бирикмесинин мүчөлөрүнүн экинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргызстандагы ЖОЖдун медициналык факультеттеринин 2000ден ашуун бүтүрүүчүлөрү Индиянын ооруканаларда жана медициналык мекемелеринде медицина тармагында практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырышып, Индиянын Теленгана, Махараштра, Чатисгарх, Ражастан, Керала жана д.б. мамлекеттик ооруканаларында жогорку кызмат орундарын ээлеп жаткандыгы белгиленди.
Баяндамачылар Кыргызстанда өткөргөн окуу жылдыраны жылуу жана ыраазычылык менен эскеришип, айрыкча, алган билимдеринин негизинде медициналык тармакта «мыкты адистер» болушуп, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышканын белгилешти. Ошондой эле, Кыргызстандын ЖОЖнын медициналык факультеттериндеги билим берүүнүн жакшы сапаты да өзгөчө белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясынын, Эл аралык жогорку медицина мектебинин, Казакстан жана Грузиянын медициналык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, ошондой эле ошондой эле 2004-жылдан бери Кыргыз Республикасында билим алган Кыргызстандын ЖОЖнын медициналык факультеттеринин 250дөн ашык бүтүрүүчүлөрү катышышты
Бирикменин максаты жалпы кызыкчылыктары менен бириккен бүтүрүүчүлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү, кызматтык жана достук байланыштарды түзүү, бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай демилгелерин колдоо, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дагы бир платформа жана достук көпүрө болууга багытталган клубтун спектрин кеңейтүү болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ