Эски КСДПнын лидери Алмаз Атамбаев партиясынын катарын тазалап, жаңы кан жүгүртүп, жаш күчтөр менен толуктап жатканы белгилүү. Ал кампаниянын алкагында Атамбаев өзүнүн мурунку жардамчысы, кийинки оппоненттеринин бир Адил Турдукуловду кайрадан партиянын катарына чакырып, сүйлөшүүлөрдөн кийин тил табышып, кол алышыптыр. Анын натыйжасында Адил Турдукулов КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү болуп 6-апрелдеги эски КСДПнын съездинде шайланат. Андан сырткары Атамбаев “Адил 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесинин биринчи ондугуна кирет” деп убада кылыптыр. Бул тууралу биздин эски КСДПдагы жеке булактарыбыз билдирди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ