Menu

Орусияда депортация чыгымдарын мигранттардын өзүлөрүнө төлөтүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) депортация чыгымдарын мигранттардын өзүлөрүнө төлөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун даярдады.

Мекеменин бул сунушу нормативдик-укуктук актылардын порталына жарыяланды. Документ азырынча Мамлекеттик Думанын кароосуна чыгарыла элек.

Учурда чет өлкөлүктөрдү мекенине депортациялоо үчүн кеткен чыгымдар Орусия бюджетинин эсебинен төлөнөт. Бирок 2017-жылы күчүнө кирген нормага ылайык, Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүктөр ИИМ кызматкеринин көзөмөлү алдында билет сатып алып, депортацияланбастан, өлкөдөн өз алдынча чыгып кете алышат.

«Орусияга кирүү жана Орусиядан чыгуу тартиби жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, эгер чет өлкөлүк жаран Орусияда жүргөн кезинде кайсыл бир салыкты же административдик айыппулду төлөбөгөн болсо, анда анын өлкөгө кайрадан кирүүсүнө уруксат берилбейт.

Орус ИИМинин маалыматына караганда, былтыр чет өлкөлүктөргө карата Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган 250дөн ашык чечим чыгарылган. Алардын алты миңден ашыгы гана депортацияланса, калганы өлкөдөн өз алдынча чыгып кетишкен. Ошол эле маалда азыр Орусияда дээрлик 10 миллион чет өлкөлүк жашайт. Алардын көбүн мыйзамдуу түрдө жүргөндөр түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: