Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “КСДПда нукура, каратаман партия мүчөлөрүнүн козголоңу болууда!”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, 90 адамдын өмүрүн алган 7-апрель окуясы жакындап калды. Неге ал революция өз балдарын өзү жеди?

– Бизде тээтиги 2005-жылкы март революциясы уланууда. Мына апрель окуясында так ошол революциянын жүзү болгон Курманбек Бакиев айдалып, “революция өз баласын жеген” десек болот. Ага чейин, андан кийин, азыркы деле көрүнүш – баардык окуялар бир чынжыр менен байланышып, логикасы бир десек болот. Кыргыз эли өзүнүн мамлекеттүүлүгү үчүн жана анын мүнөзү, табияты үчүн күрөшүп келетат. Элибиз акыйкатсыздыкка жол бербейт жана ар дайым өз укуктарын, эркиндиктери үчүн күрөшөт. Мына, мисалы, былтыр жазында Атамбаевдин бийлиги кулаганда – бул дагы үчүнчү революция болгон. Күзүндө шайлоо өтүп, бийликти өткөзүмүш болгону менен, биз билебиз Атамбаев көшөгөнүн артында да эмес, ачык эле аталыкты жүргүзгөнгө аракет кылган. Ошондойго макул болбой, Жээнбеков демократияны калыбына келтиргени – бул дагы 2005- жана 2010го жакын мааниси боюнча тең тарыхый окуя болгон.

– Кыргыз саясатчылары кан төгүү коштогон революциядан сабак алдыбы?

– Сабактар алынса дагы, бирок биз түпкү максатыбызга жеткен жокпуз. Революция эмес эле, ар дайым төңкөрүш болуп калып атпайбы. Анткени, бийликти алып койгонубуз менен, кайра эле аны биз мурунку коррупцияланган элементтерге алдыртып ийип атабыз. Мына, мисалы, Атамбаевди карап көрүңүз. Ал өзүн тегеректетип тиги шопурларынан тышкары кимдерди дайындады? Толугу менен ошол Максим Бакиевдин эң ыплас иштерин аткарып жүргөндөрдү. Сапар Исаковун премьер-министрге чейин алып барды. “Жоогазын революциясында” элге каршы чыккан Абдил Сегизбаевди УКМКга төрага кылды. Эми мындай мисалдарды келтире берсем – ондоп санасак болот. Парламентибизде дагы, өкмөттө да ошондой көрүнүш. Мен дайыма эле айтам, сабак кайра тескери болуп бекитилди: сен элге канча каршы иштеп, аны тебелесең, эл жеңишке жеткен күндүн эртеси, кайра эле ошончо бийик көтөрүлөсүң. Бирок, мен айткандай бул революциялык күрөш бүткөн жок, элдик кыймыл уланууда. Буюрса, эртеби кеч баардыгы орду ордуна коюлат!

– КСДПны тартып алуу аракети рейдерлик эмеспи?

– Рейдерлик болуп ал ошол Атамбаевчилерге жана башка жасалма партиялардын кожоюндарына көрүнүп жатат. Алар партияны жеке менчиктей көрүшөт. “КСДП – бул Атамбаевдики” дешкенде күлүш же ыйлаш керек экенин билбейсиң. Байкелер, эмне себептен Турдакун Усубалиев 25 жыл Коммунисттик партияны жетектеп, мекенге Атамбаевден миң эсе көп эмгеги сиңген киши биринчи катчылыктан алынганда, эч кимиңер “ал партия Турдакундуку” деп чыккан жоксуңар? Усубалиевдин ордуна Масалиев келди. Жашоо уланды. Партия партия бойдон калды. Бул жерде эмнеси жаңылык? Кайдагы рейдерлик болуп атат? Атамбаев өзү жалаң ката кетирип, баардык жагынан катачылык кетиргенин өзү моюнга алып атса, бул эмне бала бакчабы аны баштан сылап “больше так не делай” дегидей?! Партия дагы жаңыланышы керек. Бул табигый эле көрүнүш.

– Ошондой болгон күндө дагы, неге азыркы бийлик жаңы партия түзүп албай, Атамбаевдин партиясын тартып алуунун арактин баштады?

– Бул аракет тээтиги 2017-жылы эле башталган жайында. Ошондо эле Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудинов каршы болуп чыгышкан Фарид Ниязовдун жасалма, чайкоо, катардагы партия мүчөлөрүнүн пикирин эсепке албай, массовка сыяктуу эле колдонуусуна сын айта башташкан. Алар ошондо эле 2010-жылга чейин партия үчүн күрөшпөгөндөр, тескери ага каршылык кылып келгендер төрдө отуруп алгандарын айтышкан. Атамбаевге “силерди булар сатат бат эле” деп да жазышкан. Аларды уккан жок, мына бир жыл өтпөй баардыгы таштап кетип калышпадыбы. “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы кандай жаралганын, кайсы шартта иштегендерин мен башынан билем. Көп кыйынчылыктардан өтүштү. Фракция жетекчилиги кичине кичипейил болгонунда, бул съезд былтыр күзүндө эле өтмөк. Ошолордон көп катачылык кетти. Сагынбек Абдрахманов канча “байкелеп” Иса Өмүркуловтун артынан чуркап жүрдү. Ал теңине албай, кекетип сүйлөгөндөрүн, кол шилтеп койгондору баардыгы факт болуп мына партиялаштарга тараган. Ошондуктан, бул жерде КСДПны Атамбаевден Сооронбай Жээнбеков же болбосо дагы бирөө талашып алган жери жок. Бул жерде нукура, каратаман партия мүчөлөрүнүн козголоңу болууда. Атамбаевди коргойбуз деп, так ушул масса 7-апрелде аянтка чыккан, инилерин, балдарын ээрчитип. Ошол жерде канчалаган киши жок болду, Атамбаевге “акыйкат орнотом” деген сөздөрүнө алданып. Бийликтин эч кандай тиешеси жок бул аракетке. Керек болсо, мен билишимче, тескерисинче аягына чейин алар дагы ошол “бул партия тигинин менчиги” деген логикасы менен жүрүп келишкен. Баардыгын уюштурган жанагы Сагынбек Абдрахманов жетектеген топ. Бийлик болсо эртең кайсы партия менен шайлоого барат, канча колонна менен тизилет, ал эмки жылы жазында чечилчү маселе. КСДПны кайра жандантыш керек. Накта социал-демократия жолуна, карапайым элдин кызыкчылыгына бийликти иштетиш керек! Той болот, тойдун эртеси болот дегендей. КСДПга бул дагы эбегейсиз чоң жумуш жана милдет болот жаңыланган.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: