Menu

Бабанов башын тобокелдикке байлады

Бөлүшүү:

Соңку убакта Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы саясый тилектештери, жакын адамдары менен тынымсыз сүйлөшүп, чукул арада келе турганын айтууда. Айрым маалыматтар боюнча, ал Бишкекке түз түшөт, же Жамбыл аркылуу Таласка келип, ошол жакта эл менен болушу мүмкүн. Учурда Бабановду колдогон ар кандай флешмобдор өтүүдө.

Бийлик короосунда маанай бир кылка эмес, айрым топтор БӨТтүн келишине каршы болушуп, келсе эле камакка алууну үндөп атышса, кээ бирлери мындай пикирге каршы, тескерисинче, анын мүмкүнчүлүктөрүн мамлекет үчүн пайдаланууну көздөшүүдө. А мыйзамдын нугу кандай жагына буруларын азырынча так кесе айтууга эрте. Балким, коомчулукка белгилүү болбогон кандайдыр бир сүйлөшүүлөр да жүрүшү мүмкүн. Эң башкысы, мыйзамдуулук сакталып, чыр-чатакка жол берилбешине тилектешпиз.

Ооба, Бабановдун келиши Кыргызстандагы саясый кырдаалга кадыресе таасир этет. 600 миңдей шайлоочусу бар, каржылык жана маалыматтык ресурсу күчтүү. Мындай ийгилиги менен ал жөн эле бизнес кылып, саясаттан тышкары жүрө албайт. Көздөгөнү 2020-жылдагы парламенттик шайлоо. Бу саам Бабанов баштагы катачылыктарынан сабак алып, бай тажрыйбасын колдонуп, өлкөбүздөгү негизги саясый күчтөрдү бириктирүүгө, алардын башында өзү болууга жан үрөйт. Буга чейин көрдүк да, чечүүчү кырдаалдарда каарманыбыз каражатын аябай, максатына жетүү үчүн бар күчүн жумшай турганын. Мунун өзү азыркы бийлик үчун кооптуу экенин чечмелебесек да түшүнүктүү…

Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден соң, анын аркасынан түрдүү сын-пикирлер айтылып келди. Негизгиси, ага «коркок» деген жарлык тагылып келгени жашыруун эмес. Бир жарым жылдан бери намыстандыбы, айтор, азыр тобокелдикке башын байлап, эмне болсо дагы Кыргызстанга келүү үчүн чыгынып, элге айта турган сөзүн бышырып, чоң саясатта кайрадан жылдызга айлануунун алдында турат. Калганын келгенде көрөлү. «Бабанов коркок» деген сөз суу кечпей калабы?..

Баргы Кусейинов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: