Menu

Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Аткаруу бийлигинен айдоочулардын арманын уккан киши болгон жок”

Бөлүшүү:

– Рыскелди мырза, КСДПнын курултайына барган жоксузбу?

– Жок. Кабар да беришкен жок, чакырышкан да жок.

– Атамбаевдин КСДПчыларычы?

– Алар да чакырыша элек. Эгер чакырышса барам. Мен каягы чакырса, ошол жакка барам.

– Анда сиздин позицияңыз дале так аныктала элек турбайбы?

– Мен партиянын мүчөсүмүн. Чакырса барып, калыс сөзүмдү айтам. Кимдики мыйзамдуу, кимдики мыйзамбыз экенин ачык айтам.

Анан ошол курултайга катышкан адамдарды өз көзүм менен көргүм келет. Чын эле КСДПчыларбы, же көчөдөн келген кишилерби?

– Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча көз карашыңыз кандай?

– Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал алты күндөн бери өзүнүн апогейине жетти. Аткаруу бийлигинен айдоочулардын арманын уккан киши болгон жок. Кечээ мен жардамчыларым менен атайылап барып келдим. «Эч ким бизден кабар алган жок, көңүл да бурган жок» дешти. Бир суткада беш машина кирген экен, анын төртөөнү кайтарып жибериптир.

Айдоочулар «Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы алакадан эмне үчүн биз жабыр тартышыбыз керек? Ар бир айдоочу Россияга жүк жеткиргенден 1000 доллардан акча табат. Тамак ичип, түндөсү бензин жагып жылынып, ал акчанын 500-600 долларын ушул жерден эле жок кылып койдук» деп аябай армандарын айтышты.

– Себебин биле алдыңарбы?

– Негизинен алар Кыргызстандын өзүнөн чыккан эмес, Кытайдан, анан Түркиядан келген товарларды өткөрбөй жатышат. «Бул атайын эле операция экенин билип турабыз. Кыргызстандын бажы кызматындагы «бардактан» биз жабыр тартып атабыз» дешти айдоочулар.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: