Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков төрт эм туулган үй-бүлөгө турак-жай алууга сертификат белекке берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордон төрөлгөн 4 эм ымыркайга жана энеси Рысмат кызы Нурайымга белектер тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн. сомго сертификат жана 2 орундуу 2 коляска берди. Президенттин атынан белектерди КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев тапшырды.

Мындан тышкары, КР Өкмөтү тарабынан жаш үй-бүлөнүн муктаждыктарына 150 миң сом бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлгөн.
Ымыркайлар биринчи 10 күндө туруктуу оор абалда болгондуктан, атайын респиратордук аппараттын жардамы менен дем алышып жатышкан. Ымыркайларга тийиштүү медициналык кызматтар көрсөтүлүп, дарыгерлердин үзгүлтүксүз кароосунда болушкан.

Эске салсак, 2019-жылдын 25-февралында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда Азамат Сманов жана Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө ай-күнүнө жетпей 4 эм (3 кыз, 1 уул) жарыкка келген. Жубайлар 3 жылдан бери Бишкек шаарында батирде жашап келишкен.
Дарыгерлердин айтымында, Рысмат кызы Нурайым Бишкек шаарында жайгашкан түркиялык «Анкалайф» медициналык борборунда тукумсуздуктан дарыланган. Кош бойлуу кезинде аталган клиникада каттоодо болгон. Азамат Смановдун билими орто, туруктуу жумушу жок, учурда курулуштардын биринде эмгектенет.

Белгилүү болгондой, наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.

Аталган иш-чарага КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КР Президентинин Аппаратынын жарандык өнуктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: