Menu

Кыргызстанга Россиянын Президенти Путиндин келип кетиши кандай экономикалык пайда алып келди?

Бөлүшүү:

Россиянын Президенти В.В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары жөнүндө ар кандай сөздөр айтылууда. Болгондо да чоң шаан-шөкөттө, сегиз-тогуз самолет менен келген бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, министрлер, анысы аз келгенсип, жоон топ ректорлордун келиши Кыргызстандын элин бир дүңгүрөтүп алды. Бирок, жыйынтыгы соолуп бара жаткан дарактан чыккан сууга окшоп, араң эле 6 млрд. доллардын тегерегиндеги сөз болду окшойт.

Албетте, бул сумма Өзбекстанга баргандагы келишимдерге караандабайт. Негизинен ЕАЭБдин ичиндеги капиталдын эркин айланышына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда жыябай келе жаткан араңжан экономикалык байланышты бир аз жандандыруунун аракети болду (!) деп түшүнсөк болот. Себеби ЕАЭБдин алкагындагы беш өлкөнүн экономикалык байланыштары эч кандай келишимдерсиз эле эркин өсүшү керек эле.

Тилекке каршы, Кыргызстан ЕАЭБдин курамында болуп, Россиядан 200 млн. доллар жардам алып, 300 млн. доллар карызын кечиртип, Казакстан 100 млн. долларын жардам иретинде берсе, таарынып албай койсо деле Кыргызстандын бул өлкөлөргө экспорту көбөймөк турсун азайып, тескерисинче, импорту жана контрабандасы көбөйүп кетти. Алтургай Түркиядан алган карызыбызды кечиртип, кайра бекер жардам алдык. Бекер жардамды аябай Кытай Эл Республикасы деле берип жатат. Эгерде Кытай грант түрүндө жардам бербесе, азыр Бишкектин көчөлөрүндө трактор менен жүрүп калмакпыз.

Албетте, биз Россиянын жакшы жагын туурап, жаман жагынан качышыбыз керек. Себеби, Россиянын өзүндө коррупция менен бюрократия өтө күчтүү. Россиянын экономикасын өзүнүн ичинен чыккан саткындары күргүштөтүп чет өлкөлөргө ташып кетип жатып өстүрбөй коюшту. Буга кошумча болуп, АКШ менен Батыш Европа өлкөлөрү да жөн оокат кылдырбай ар кандай санкцияларды киргизишип, элинин ичин бөлүп-жаруу аракетин кылып жатышат. Кыргызстанга эки-үч жылдан бери аябай жанданып келип жаткан ар кандай гранттар менен граждандык уюмдардын күчөшү ошол Россияга каршы жүргүзүлгөн Кыргызстандагы аракети катары түшүнүш керек. «Биз көп векторлуу тышкы саясаты бар өлкөбүз» деп чычаңдабай эле ким менен болорубузду тактап алышыбыз керек.

Ошондуктан Россиянын мамлекет башчысы менен кошо жоон топ министрлер, бизнесмендер, ректорлордун келиши жалаң эле экономика эмес, чоң саясый иштерге арналганын, Кыргызстандын зор маанилүү геосаясый орду бар өлкө экенин кабарлап турат. Ар бир геосаясый орду бар өлкөгө чоң-кичинесине карабай экономикалык жана коопсуздук мамиле болот. Россия азыркы мезгилдеги дүйнөнүн тагдырын чечүүчү үч өлкөнүн (АКШ, Кытай, Россия) бири.

Азыркы мезгилде дүйнө түзүмү кайра өзгөрүп, бир полярдуу дүйнөдөн көп полярдуу болуп калды. Жер шарынын экономикалык жана саясый борбору Европа менен АКШдан Азия материгине, же Азия өлкөлөрүнө ооду десек болот. Буга мисал болуп Кытай Эл Республикасы азыр АКШ менен теңтайлашып, ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдөгү №1-2 орунга чыкканы, ал эми Индия, Россия, Казакстан өңдүү өлкөлөр менен бириксе, Азия өлкөлөрү биринчи ролду ойной баштаганы далил болот.

Россияга Батыштын жана АКШнын экономикалык жана коопсуздук боюнча кысымы күчөгөн сайын Кыргызстанга окшогон кичинекей болсо да геосаясый орду бар өлкөнүн ичиндеги тынчтык жана экономикалык өнүгүүсү абадай керек. Россиянын көпчүлүк бөлүгү жана жаратылыш байлыгы Азия тарабында. Россия өзү да ЕврАзия мамлекети. Россиянын менталитети Европага караганда Азияга, анын ичинде кыргыздарга жакыныраак.

Россиянын башын ооруткан Кыргызстандын ичиндеги саясый туруксуздук, ар кандай күчтөрдүн таасири менен кыргыз-кытай, кыргыз-тажик арасындагы нааразылыктардын күчөшү, экономикабызда ЕАЭБдин курамында болсок да эч кандай алга жылуулар болбогондугу да ушундай чоң делегециянын келишине түрткү болду десек болот. Ошондуктан 6 млрд. долларга жакын макулдашуулар эч кандай Кыргызстандын тагдырын чечпесе дагы, эки өлкө ортосундагы экономикалык жана саясый мамилелердин күчөшүнө жана коопсуздугун чыңдоого болгон аракет болду десек окшошчудай. Ректорлордун келиши да чоң саясый профориентацияга окшошуп калды.

Ал эми көбүртүп-жабыртып жаткан 6 млрд. доллардан ашуун суммага түзүлгөн ниеттер менен макулдашуулардын ишке ашышы, албетте, өзүбүздүн иш аракетибизге жараша болот. Россиялык бизнесмендер пайда тапса инвестиция кылат. Пайда таппаса, элибиздин ичи тынч болбосо,

Кытайга окшоп кача баштайт. Баары өзүбүздүн колубузда. Тек гана пайдалана билүү керек.

Айылчы Сарыбаев, ЭФИнин ректору, э.и.д., профессор

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: