Menu

ИИМ: Жарандардан опузалап талап кылуу жана аларды коркутууга шектүү катары мурда соттолгон адамдар кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан жарандардан опузалап талап кылуу жана аларды коркутууга шектүү катары мурда соттолгон адамдар кармалды. Аталган кылмыштуу топ опузалап талап кылуу, алдамчылык иш-аракеттери жана ушул сыяктуу кылмыш иштери менен алектенишип келишкен. Ушул жылдын март айынын аягында ички иштер органдарына эки арыз келип түшүп, анда шаар тургундары “өздөрүн криминалдык авторитетбиз” деп тааныштырышкан кылмыштуу топтон жабыр тартышкандыгын билдиришкен.

Биринчи шаар тургунунун арызында, 2019-жылдын март айынын ортосунда физикалык күч колдонобуз деп коркутушуп Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан күрөөканага “Мазда” үлгүсүндөгү автоунаасын коюга талап кылышкан. Күрөөканага коюлган автоунаадан алынган 50 000 сом суммасындагы акча каражатын кылмышкерлер алып койгон. Ал эми жабырлануучуга 3 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилген. Ошондой эле, ушул эле күнү жогорудагы кылмышкерлердин колунан Бишкек шаарынын башка жашоочусу жабыр тарткан. Экинчи арызда дагы кылмышкерлердин жогорудагыдай мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу көрсөтүлгөн. Март айынын ортосунда адам, өздөрүн криминалдык авторитет катары тааныштырышып, алдоо жана коркутуу жолу аркылуу Бишкектин жашоочусун күрөөканага “Деу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын коюп, 35 миң сом алышкан. Жабырлануучуга 150 000 сомдук материалдык зыян келтирилген. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзө башташкан. 2019-жылдын 2-апрель күнү тергөөнүн тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-Башкармалыгынын кызматкерлери жарандардан опузалап талап кылуу жана аларды коркутуу менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан жогорудагы мыйзамсыз иш-аракеттерге шектүү катары эки адам кармалды. Алар: – 1983-жылы туулган Б.Ч.аттуу жаран, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну. КМКнын УККБнын маалыматы боюнча аталган жаран 2016-жылы март айында Биринчи май райондук сотиу тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 172-беренесинин 2-бөлүмү (Айдап качуу), 123-берененин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) менен соттолгон. 2017-жылы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, 2019-жылдын аягына чейин Сокулук району боюнча жаза аткаруу инспекциясынын каттоосунда турат. – Кармалган экинчи жаран 1982-жылы туулган Р.А., Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну. Мурда 2014-жылы Бишкекте кармоо учурунда милиция кызматкерлерине куралчан каршылык көрсөтүп, изин жашырып качып кеткен. КМКнын УККБнын маалыматы боюнча Р.А. аттуу жаран 2016-жылы Свердлов райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 241-беренеси (Ок атуучу куралды мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, көтөрүү) жана 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен соттолгон. 2018-жылдын июлунда шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, 2020-жылдын аягына чейин Свердлов району боюнча жаза аткаруу инспекциясынын каттоосунда турат Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жарандан уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайга камалышты. Сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: