Menu

ИИМ депутат Дастан Бекешовдун билдирүсүү боюнча: милиция бизнеске кийлигишпейт, уруксат берилбеген текшерүүлөрдү жүргүзбөйт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда депутат Дастан Бекешов милиция экономикалык маселелерге кийлигишип жаткандыгын жана бул маселе милициянын компетенцияларына кирбесин билдирген. Укук коргоо органдарына карата туура эмес сөздөр айтылып, анда эл өкүлү ички иштер органдары биздин кичи жана алсыз экономикабыздын өсүшүнө терс таасир берип, бизнеске кийлигишип, уруксат берилбеген текшерүүлөрдү жүргүзүшүп жаткандыгын белгилеген. Ошол себептен ички иштер министрлиги түшүндүрүү иретинде белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылкы “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тутумундагы функционалдык жана түзүмдүк өзгөрүлөөрү тууралуу” токтомуна ылайык, экономикалык кылмыштарды аныктоо жана иликтөө боюнча функциясы Ички иштер министрлигинен алынып ЭКККМКга жүктөлгөн.

Өз убагында ИИМде “Республиканынын ИИОнун кызматкерлерин ишкерлик чөйрөсүндөгү субьекттердин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу жөнүндө” буйругу чыккан. Аталган буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген учурлардан тышкары ИИОнун кызматкерлерине, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө ишкерлик чөйрөсүндөгү субьекттердин (ишкерлер, соодагерлер ж.б.,) ишмердүүлүгүн текшерүүгө, анын ичинен уруксат берүүчү документтерди, патенттерди, квитанцияларды жана башка каржы документтерин суроого уруксат берилбейт.

ИИМ тарабынан бизнеске мыйзамсыз кийлигишүү жана башка экономикалык маселелерге кийлигишкен учурлар болгон эмес. Бүгүнкү күнү милиция бизнеске кийлигишпейт, уруксат берилбеген текшерүүлөрдү жүргүзбөйт, мүлктү камакка албайт, ишкерлердин банктык эсептерин жаппайт, кылмыш иштерин иликтөө учурунда башка уруксат берилбеген окуялар болгон эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун билдирүүлөрү өз далилдерин тапкан жок жана ошого карабастан текшерүүлөр жүргүзүлөт.

ИИМ бүгүн уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча активдүү күрөшүүдө. Эч ким ишкерлерди көзөмөлдөөгө аракеттенген жок, анткени экономикалык кылмыштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын иликтейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: