Menu

Алишер өзүн шер ойлойт го?

Бөлүшүү:

Кырдаал өзгөргөнү үчүн айрым атка минерлер өз позициясын бекемдөөгө багыт алышты. Анткени учурдун “жакасынан” катуу кармап, алыска ат чабууга момент келди. Анын сыңарындай кыйладан бери жоор атты теминип жүргөндөр жумшак жерден орун алууга көздөрү чачырап турган маалы. Кандай болгон күндө да ким деле болсо жакшылыктан күдөр үзбөйт эмеспи?

Ошолордун сабында Алишер Мамасалиев да бар экенин айта кетели. Төрт күн мурда ал арызын жазып, “Өнүгүү” партиясынан чыкты. Мындай чечимин ал жөн жерден ойлонбосо керек. Акыйкатында эле Бакыт Төрөбаевдин ооматы кетип, чабал лидер экендиги алаканга салгандай көрүнбөдүбү? Бир туруп оңго кетип, кайра эле ава ырайы өзгөрүлсө солго карап калмайы бар. Буга окшогондорду алысты көрө албаган “сокур” деп коюшары белгилүү. Ошондой сапаттарына басым жасаган Аликең анан кантип “үйүрүн” алмаштырбасын? Себеби, анын да колтугуна суу бүрккөндөр пайда болгону жашыруун эмес. Башкалардан өзүн шер ойлогон Мамасалиевдин ыргыткан чүкөсү каякка барып конорун жакын арада билебиз десек калпы чыкпайт.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: