Menu

Аскат Беков: ЕАЭБдин келишими боюнча чек арада текшерүү болбошу керек

Бөлүшүү:

Учурда кыргыз өкмөтү жана тышкы иштер министри казак тарап менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясатын жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси Аскат Беков кабарлады.

Министрликтин өкүлү чек арада турган автоунаалардагы товарлардын көбү текстил, бут кийим сыяктуу жалпы керектелүүчү товарлар экенин, ал жакта Түркиянын, Кытайдын жана Кыргызстандын да товарлары бар экенин айтты:

– Ал жерде турган автоунаалардын 90 пайызынан ашыгы транзиттик жүк ташуучу автоунаалар экен. «Айдоочулар өздөрү коркуп кирбей турат» деген Казакстандын маалыматы туура эмес. Ал жакта бир автоунаанын ичиндеги товарлардын баарын сыртка чыгарып жатышат. Бир автоунааны текшерүүгө эле бир саат кетип, ошондуктан кармалып жатат. ЕАЭБдин келишими боюнча ал жерде андай текшерүү болбошу керек. Ал жерде мобилдик топ иштеп, Казакстанга кирген машинелерди тандап эле текшериши керек эле.

Маалыматка ылайык кечээ кечинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек арага барып, чатырларды тигип, айдоочуларга ысык тамак берип жатышат. Ал жерде 3-5 күндөн бери турган айдоочулар бар болгондуктан Экономика министрлиги өкмөткө чек арага «Тез жардам» кызматынын автоунааларын да жайгаштырууну сунуш кылууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын 19-мартта башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: