“Азыркы Президент менен экс-президенттин ортосундагы татаал бир маселе – бул Матраимов. Матраимовду айтып атат, айтып атат. Сооронбай Жээнбеков өзү айтты “Өзүң бар кезде жакшы эле пайданы көрдүң эле, анан мага келгенде эле болбой калабы?” деп. Ээ, слушайте, Матраимов чындан эле бир саай турган уйдай киши болсо тазалаш керек, сөзсүз. Биздин коом бүгүн “Матраимов сөзсүз жоопкерчиликке тартылсын!” деп талап кылып турган коом”, – деп билдирди кечээ, 3-апрелде экс-президент Роза Отунбаева “Азаттык” радиосуна берген маегинде.
“Анда эмнеге Жээнбеков Матраимовду жоопко тартуудан, текшерүүдөн кетенчиктеп жатат?” – деп сурады журналист.
“Бул азыркы коомдун да талабы жана суроосу… Мен андан да маанилүүрөк нерсени айтат элем: мына, азыр кыргыз-казак чек арасында болуп жаткан көйгөй тууралу Россиянын, Казакстандын жетекчиликтери айтат экен да “Кыргызстандын Матраимовдор дегени бар, ошолор чек арадан, таможнядан байып атат, алар болсо байыганынан чоңдору менен бөлүшүп жатат. Эмнеге биз бажы союзунун эрежелерине каршы турушубуз керек ушул жерде оозубузду ачып? деп. Демек бул Матраимовдун фактору биздин өлкөлөрдүн ортосуна да тийип жатат да”, – деди экс-президент Роза Отунбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ