Menu

Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өтөт

Бөлүшүү:

Жума күнү, 5-апрелде Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкы башкармалыгы билдиргендей, делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссия Ворух анклавы менен Баткен облусунун Ак-Сай айлындагы талаштуу тилкелерге байланыштуу маселелерди карайт.

Кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап салышкан.

Расмий делегациялардын беш күндүк сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, 18-мартта буулган жолдор ачылган. Мындан тышкары Кыргызстан Ак-Сай – Тамдык, Тажикстан кыргыз айылдарын айланып өтө турган Исфара–Сомониен – Ворух жолдорун кура турган болгон.

Учурда чек арага жакын аймактардагы коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт, алардын ичинен учурда 504 чакырымы гана делимитация жана демаркация болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: