Menu

Күйөөм экинчи аялга үйлөнүп, мен психикалык дартка чалдыктым…

Бөлүшүү:

Ар кимдин бешенесине ар кандай тагдырды буюрат экен. Мен баарынан ушул учурда, ушул күндөрдө кыйналып, азап тартып, жаш туруп психикалык ооруга чалдыгып, бир ууч дарыны ар күнү ичип жүргөн кезим. Мага тагдыр бороону атам каза болгондон кийин башталды. Бактылуу балалык, бейпил күндөрүбүз атамдын өлүмү менен кошо жок болгонсуду. Атам менен кошо көмүлүп калгансыды.

Биз төрт бир тууган элек. Атам каза болгондон кийин апам бизди туугандарыбыздыкына калтырып, Түркияга иштегени кетти. Ар кимдин колунда жаман-жакшы көрүнүп жүрүп бой жеттик. Апам болсо алгач жакшы эле иштеп жүрүп, кийин түрк улутундагы бир адамга турмушка чыгып кетти. Өз киндигибизди өзүбүз кесип, тирүүлүк өтүп жатты.

Ошол күндөрү Азатты жолуктурдум. Мээримге зар, жылуулукка зар дүйнөмө жылуулук чачып, жакшы сөзүн арнап, турмуш курууга колумду сурады. Алгач көңүлсүнө бергеним жок, «иштесем, бир туугандарыма жардамдашсам» деген тилектерим бар эле. Азат, ата-энесине тааныштырам деп жанымды койбой, үйүнө ээрчитип барды. Алар мени мээрим менен тосуп алышты. Жакшы сөздөрдү айтышты. Баары жабылып колумду сурашты. Акыры макулдугумду берип, бактылуу үй-бүлө болуп жашап калдык. Кайната-кайненемдер жакшы адамдар. Аларга абдан ыраазымын. Ата-энемден ала албаган жылуулукту алар толтурду.

«Бири кем дүйнө» деген ушул экен. Кош бойлуу болгондо кубанычымда чек жок эле. Бирок ал кубанычым көпкө узабай, боюман түшүп калды. Анан экинчиси да, үчүнчүсү да түшүп калды…

Арадан сегиз жылдай убакыт артта калды. Канча дарыланып аракеттенгеним менен эч натыйжа чыкпады. Кийин билдим, күйөөм жуктуруп келген жугуштуу дарттан улам бул ооруга чалдыгыптырмын. Мен эне болуу бактысынан кол жуугансыдым. Акыркы күндөрү күйөөм өзгөрө баштады. Ар нерсени шылтоолоп кечигет, келбей калат… Азат жашыруун түрдө экинчисине үйлөнүп алганын кийин билдим. Үйдө чоң чыр-чатак чыкты. Ага арнаган жаштыгым, ден соолугумдан ажырадым. Анан минтип ал мени башкага алмаштырды. Биздин, экөөбүздүн көп максаттарыбыз бар эле. Алар кайда калды? Мен сүйгөн, мен ишенген адамдын бул кадамынан соң психикалык дартка чалдыгып калдым. Мен жинди болуп калдым. Ар бир күнү ар кандай дарыларды ичип жатам…

Азатка бала, наристе керек болду. «Коё тур, бир чарасын табабыз» деп ата-энеси каршы болгонуна да карбады. Азыр биз бактысыз үч адамбыз. Үстүбүздө үйбүз жок. Ал да батирде, мен да батирде жашайбыз. Азат күндөп-түндөп тапкан акчасын батирлерге төлөйт. Ал мага келгенде ыйлайт. Ага кеткенде мен ыйлайм. Мен кетип калайын, басып кетейин дейм, бирок менин бактымды уурдаган аялдын бактылуу болушун каалабайм. Ошентип азаптуу күндөр өтүп жатат. Үчөөбүз тең бактысызбыз. Экинчи аял тууралуу кабагым-кашым дебей кеп кылышат. Бирок, бул азаптан мага окшоп канчалаган келиндер азап тартат, жинди болот?.. Эч ким биле бербейт. Түшүнө бербейт. Жашоомдун арты караңгы, туңгуюк…

Автор: Гүлниза

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: