Menu

«Узбекнефтегаз» Кытайга 16 миллион доллар карыз

Бөлүшүү:

«Узбекнефтегаз» компаниясы Кытайдын мамлекеттик China Petroleum Technology & Development Corporation (CPTDC) компаниясына 16 млн доллардан ашык карыз болду.

Кытай тарап тараткан билдирүүдө «Узбекнефтегаз» жети келишим боюнча карыз экени айтылат. Компания каражаттын жоктугун жүйө келтирип, береселерин төкпөй келет. Бирок CPTDC бул жөн гана шылтоо экенин, 10 жылдан берки карызды кайтаруу үчүн Өзбекстан президентине кайрылууга аргасыз болгонун билдирген.

2017-жылы 20-декабрда өткөн сүйлөшүүлөрдө «Узбекнефтегаз» CPTDC компаниясына 2018-жылдын 31-октябрына чейин 12 миллион доллар өлчөмүндө карызын төлөөгө убада берген. Калган сумма 2019-жылы кайтарылмак. Бирок бүгүнкү күнгө чейин «Узбекнефтегаз» кытай компаниясына 100 миң доллар гана төлөп берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: