Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, эркиндик менен адилеттикти туу туткан намыскөй элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында токтом кылынды:

  1. Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу боюнча финансылык жана башка маселелерди чечүү сунуш кылынсын.
  4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
  5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

Кененбаев Алмаз Муканович

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Асымбеков Шамильбек Уметович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Каптагаев Эмилбек Саламатович коомдук ишмер, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Бекбоев Турдуназир Бекбоевич Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу;
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Орозалиев Акылбек Атабекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы;
Ташпаева Назгуль Аскеровна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы;
Маматканов Улан Эркинович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Саралаева Жанна Урматовна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

 

Жунушалиев Кашкар Астаканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кудайбердиева Гульмира Каримовна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Чолпонбаев Космосбек Сариевич Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Жаманкулов Азамат Капарович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Суракматов Азиз Эмильбекович Бишкек шаарынын мэри;
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович Ош шаарынын мэри;
Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кайыпов Аманбай Кайыпович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Жылкыбаев Узарбек Казиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Мураталиев Марат Молдонович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Осмоналиев Акылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Абдраимов Туйгунаалы Дуйшеналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Жайнак Үсөн уулу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

 

 

Исаков Исмаил
Исакович
коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Айдабасунова Нурия Иманкуловна «Мекен Шейиттери» коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Таштекеева Кишимжан Касымовна «Баатырларга Таазим» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамбетов Маратбек Керимович «Апрель Баатырлары» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бианки Маралбу «Жаркын Элес» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Матиева Максат Саидрахмановна «Эр Теги» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Исаков Жылдызбек Бегалиевич «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Очокеев Талантбек Койчуманович «Апрель. Элим. Кыргызстан» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Шеримбаев Усупбий Бактыбекович «Айкөл Таза Коом» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Алиев Замирбек Темирканович «Апрель Баатырлар Биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Дөөлөталиев Конушбек Бапышович «Апрель байрагы» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: