Menu

Өзбекстан президентинин кенже кызы бала бакчанын ачылышына катышты

Бөлүшүү:

Нукус шаарында алгачкы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземи 4-апрелде өттү.

Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлиги билдиргендей, иш-чарага министрдин орун басары, президенттин кызы Шахнозахон Мирзиёева катышты.

Бул бала бакчада физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат.

Нукустагы реабилитациялык борбор чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун жардамы менен салынды.

Эки кабаттуу имаратта класстардан тышкары бассейн, физиотерапия залдары, укалоо бөлмөлөрү, сенсор бөлмөсү, моториканы өнүктүрүү бөлмөсү, социалдык-адаптациялоо класстары, музыкалык жана көркөм терапия, ортопед, психолог, педиатр, диетолог, логопед, реабилитолог, психоневролог, методисттин бөлмөлөрү бар.

Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн уюштуруу башкармалыгынын башчысынын орун басары. Ал бул кызматка былтыр январда дайындалган.

Шахнозанын жолдошу, Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров “кайнатасынын жан сакчысы” деген маалыматтар бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: