Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “КСДПны тартып алуу аракети саясий сойкулардын иши”

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер, Азимбек Бекназаров менен КСДПдагы тиреш, Путиндин келиши, казактардын чек араны жабышы тууралуу баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

– Азимбек мырза, КСДПдагы маселе коомчулуктун көңүл борборуна алынды. Партияны Атамбаевден тартып алуу аракети боюнча кандай ойдосуз?

– Негизи КСДПдагы маселе тирештер партия ичинде эле болуп, коомчулукка чыкпашы керек эле. Партия ичиндеги маселени улуттук деңгээлде көтөрө бергендин өзү орунсуз иш болуп калды. Чынында КСДП Атамбаевдин партиясы. Ал партиядагы ички маселе сыртка чыгып ырбап, ушундай абалга жетиши уят иш болду. Чынында партиянын ичиндеги көп депутаттар, мамлекеттик даражалуу кызматтагылардын көпчүлүгү Атамбаевге милдеттүү болчу. Ал КСДПдагылардын бир канчасын министр, депутат кылды. Көпчүлүгүн бийликке алып келди. Убагында анын колдоосун көрүп ишенимине кирип алып, эми ызы-чуу кылып партиясын тартып алам дегендери чыны менен туура эмес. Мындай болбойт да. Ушундай орунсуз иштерге аралашып, калпыстыкка жол бергендерден айрыкча Иса Өмүркуловго окшогондорго уят. Аларга караганда Карамушкина улуту башка болсо да, аял экенине карабай туруп берди. Ал азаматтык кылды. Негизи партияны ыдыратып, чачыратпаш керек эле. Партия деген түшүнгөн кишиге үй-бүлөдөй эле болот. Булар болсо партияны бөлүп-жарып, үй-бүлөнүн тынчтыгын бузгандай эле иш кылышты.

– Кечээ Асылбек Жээнбеков да КСДПдан чыкканын жарыялап, аталган партияда бир гана кишинин диктатурасы орноп калганын жар салды. Анын айткан сөзүнүн жөнү барбы?

– Чынында Асылбек Жээнбековдун да КСДПда эмгеги чоң. Ал таарынса жарашат. Кезинде КСДПнын түштүктө ишенгени Жээнбековдордун үй-бүлөсү болгон. Бирок Атамбаев алардын эмгегин эске алып, Асылбек Жээнбековду спикер кылды. Сооронбай Жээнбековду премьер-министр, президент кылды. Бирок КСДПнын ичинде болуп жаткан жагдай, саясатчы катары да, адам катары да чыны менен аянычтуу.

– КСДПны тартып алууну көздөгөндөрдүн ичиндеги Иса Өмүркулов 3-апрелде съезд болоорун жар салып, бирок өзү келбей койду го?

– Асылбек Жээнбеков деле Иса Өмүркуловдун кылыгынан улам партиядан чыгуу чечимин кабыл алса керек. Ага ишенип барып алса ал келбей койду. Иса анткидей жаш бала эмес да. Съезд болоорун билип туруп келбей койгону уят да.

– Иса Өмүркулов жыйынга келбей оюндан чыкканы КСДПны тартып алуу аракети токтодубу?

– Менин оюмча, партияны тартып алуу маселесинде президенттин аракети деле жок болсо керек. Бир жолу сүйлөшкөндө партияны тартып алуу оюнда жок экенин билгем. Бул нерсенин баарын бийликтин коюн-колтугуна кирип кеткен кошоматчылар, саясий сойкулар уюштуруп жатат. Алар ким бийликке келсе, ага жакшы көрүнүү максатында тигини тигинтип, муну минтип, аны жайлап берем дешет. КСДПны тартып алуу аракети деле ошол саясий сойкулардын иши болуп калды. Саясий сойкулар президент менен экс-президенттин ортосундагы мамилени да курчутушту. Аларда намыс, уят деген жокко эсе. Акаевдин доорунан бери ким бийликке келсе, ошонун ишенимине баш-оту менен кирип кетүү аракетин көрүшөт. Өкүнүчтүүсү, элдин тынчтыгын бузган, өз кызыкчылыгын гана ойлогон, кырдаалды курчутуп, тирешти күчөтүп, от алдыргандан башканы билбеген саясий сойкулар чоң катмар болуп калды. Бүгүнкү күнү алардын көпчүлүгү парламентте отурат. Алардын кесепеттери президенттерге, партияларга эле эмес, мамлекетке да тийип жатат.

– Путиндин келиши менен бир канча макулдашуу, келишимдерге кол коюлду. Россиянын президентинин келиши Кыргызстанга пайдалуу болдубу же орустардын каалаганы гана ишке аштыбы?

– Путиндин келиши бир канча макулдашуу, келишимдерге кол коюлушу биздин эгемендүүлүккө дагы бир жолу кол салуу болгонго барабар иш болду. Мен Путиндин саясатын түшүнөм. Ал жок дегенде мурда Россиянын курамында болгон мамлекеттерде өзүнүн таасирин сактап калуунун айласын издейт. Ошон үчүн ушундай кадамдарга барат. Жардам беримиш болуп туруп, өз кызыкчылыгын ишке ашырат. Негизи биз экономикалык, энергетикалык, кен казуу жагынан, саясий жактан көз карандысыз болууга аракет кылышыбыз керек болчу. Тилекке каршы, өзүбүздүн колубуздан иш келбей тургансып “Жерүйгө” 600 миллион доллар бергени жатат деп кубанып жатабыз. Чынында ал каражат Кыргызстанга акчалай деле түшпөйт. Кол кап, помидор, кийим-кече, помидор сыяктуу жер-жемишке окшогон арзыбаган эле нерселер менен келет. “Кумтөргө” али күнгө чейин помидорду Канададан ташыйт. Мына ушундайларга жем болбой, кор болбой, кенди өзүбүз иштете турган убакыт келди. Аларга окуу жай ачып кой, энергетиканы алып кой, газды ала бер, кенди иштете бер деген жагынуу саясатын токтотушубуз керек. Орустарга бизчелик жагынган эч ким калган жок. Алардан алыстагандардын деле оокаты жакшы эле өтүп жатат. Тажиктер деле Россиядан бөлүнгөнү көз карандылыктан кутулуп, орус тилинин расмий тил деген статусун алып таштап, керек болсо намазын да тажикче окуп жатат. Биз деле ошол багытта иш кылсак өнүгүп, өсмөкпүз.

– Жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер оозун толтуруп, мынча миллиард каражатка келишим түздүк деп жетине албай жатышат. Бирок Путин Өзбекстанга барганда Кыргызстандан бир канча эсе жогору суммага келишим түздү эле го?

– Бул биздин акыбалыбызга жараша жасалган мамиле. Атамбаевдин тушунда деле бизге Каримов менен башкача эсептешчү. Биздикинен бир канча эсе жогору келишимдерге кол койчу. Мамлекет деген ошентип эсептешет. Биз да ошондой абалга жетишибиз керек. Биз көз карандылыктан арылып, суверендүү эркин мамлекет болушубуз керек.

Орустар биздин тарыхый, стратегиялык өнөктөшүбүз. Тарыхыбыз, маданиятыбыз бир. Кулк-мүнөзүбүз окшош деп жүрө бербей өнүгүү, өсүү, өз алдынча жашоо жагына кадам коюшубуз керек. Алардын этегин туткактап кармабай, өз алдынча оокатыбызды кылып, Путиндин келгенине жетине албай ураа, ураа деп бар быдырыбыздын баарын карматып жибербешибиз керек.

– Казактар неге жылда чек араны түрдүү шылтоо менен жаап, оор жүк ташыган машинелерди катуу көзөмөлгө алып, ишкерлерге тоскоолдук жаратууну адатка айлантып алышты?

– “Жаман үйдүн коногу бийлейт” деген ушул. Өзүбүздүн сырткы саясатыбыз жок болсо, чек арада түрдүү маселе жаралып, кааласа ачып, кааласа жаап өз билгендерин кыла беришет. Ошон үчүн ички-тышкы саясатты так аныктап, алар менен тең ата сүйлөшүшүбүз керек. Антпесек алар кыргыз бийлигин тоготкулары келбей, өз билгендерин кыла беришет. Кыргызстанда ким президент оолсо эле батышты же Москваны карап түздөнгөндү адат кылып алганыбыздын айынан ушундай жагдайлар жаралып жатат.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: