Menu

Абакта отурган Сапар Исаков неге күпүлдөйт, ыя?

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишинде 111 миллион долларды сол чөнтөккө сологон 8 аткаминердин үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум 3-апрелде борбордогу Свердлов райондук сотунда бир нече күндүк тыныгуудан кийин кайрадан уланды. Бирок, соттолуучу Айбек Калиевдин адвокаттары келбей калгандыгына байланыштуу сот 10-апрелге жылдырылды. Сот залындагы кыскача сөзгө айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков аралашып, катуу дымагы менен соттук иштин ачык өтүлшүнө шарт түзүп берүү талабын судьяга коюшту. Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары дагы кененирээк зал менен камсыздоо өтүнүчү менен кайрылган экен. Тилекке каршы, имаратта чоң зал жок болгондуктан, өтүнүч канааттандырылган жок. Катышууга келген адамдар ызы-чуу кылганга аракеттеништи.

Иштин чоо-жайын эске сала кетсек, былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык катталып, шаар тургундары 7 күн бою ызгаарда калган. Анын кесепеттерин текшере келгенде модернизациялоо үчүн Кытайдан кредит катары алган 386 миллион доллар асманга сапырылып кеткени ачыкка чыгып, УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Мамлекет жетекчилеринин чечкиндүү аракеттери менен лөктөрү кармалып, темир торго киргизилген. Алардын катарында мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова бар.

Кудуңдаган Кулматов менен шүмүрөйгөн Албектин соту дагы жылды

3-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланышы керек болчу. Бирок айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен сот отурум 10-апрелге жылдырылды. Кудуңдаган Кулматов бул сапар шайыр-шатман келсе, Албек негедир шүмүрөйүп отурду. Негизи, булар соттук иштерди болбогон шылтоолор менен эптеп созгонго аракеттенүүдө. Канчалык созулса иштин мааниси жоголот. Ошондон улам адвокаттарын келтирбей же башка бир «трюктарды» жасап, чоюп баштады. Минтип мышык-чычкан ойной берсе бул соттук иштер бир жылда дагы аягына чыкпайт. Мындай саясий боек сүртүлгөн иштерди ыкчам бүтүрбөсө, акыр аягы ызы-чуу, тополоң менен коштолушу мүмкүн. Андыктан судьялар мамлекеттин стабилдүүлүгүн ойлоп, жоопкерчиликти сезиши кажет.

Бул иш боюнча билдире кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимов бир нече киши менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган деп 303-берене (коррупция) боюнча айып коюлган. Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Кыдырбаев менен Калиев каткырып отурганын кантип түшүнөбүз?

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен козголгон кылмыш иш боюнча соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Кезектеги отурум 2-мартта уланды. Бул соттук териштирүүдө Кыдырбаев менен Калиевдин жылмаңдап, шатыра-шатман отургандыгы көпчүлүктү бир чети таң калтырса, экинчи жагынан жинин кашайтууда. Жок дегенде уялып койбостон жылмаңдап, курортто жургөндөй тастаңдаганы абийирге сыябы? Кичине бет деген болуш керек да дегендер бар.

Соттук ишке айырталуучулар Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркоев менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу, «Электр станциялары» ишканасынын орун басары болгон Алмаз Жусупбеков жана башкы инженер Нургазы Курманбеков толук катышууда.

Соттук иш бул сапар Нурлан Садыков көрсөтмө берүүсүн улантуудан башталды. Айыптоочу Таалай Айбашев кышкы сезондо эмне себептен 5 станция текшерилбей калганына кызыкты. Ал суроого Садыков энерготармакта 15 миң киши иштээрин, алардын ар бири өзүнчө отчет берээрин билдирип кутулду. Албетте, бул жерде чоң шалаакылык кеткени билинди. Андан кийин көрсөтмө берүү Нурлан Өмүркул уулуна өттү. Ал ЖЭБдеги кырсыкка катардагы кызматкерлердин эч кандай күнөөсү жоктугун, алар колунан келген нерсенин баарын жасаганын айтып, аварияга тендерди кечиктирген «Электр станциялар» ишканасы жана анын сатып алуулар бөлүмү түздөн-түз күнөөлүү экенин билдирди. Анткени, тез арада оңдоп-түздөө керектигин билдирген 2 кат апрель айында жөнөтүлсө да белгисиз себептер менен тендер июнь айында араң жарыяланып, 27-июнда тендердин жеңүүчүсү аныкталганын, бирок «сметанын» айынан талашып-тартышып аягында баш тартканын, негизи тендердик комиссияга У.Кыдырбаев таасирин көрсөтсө болорун айтып өттү.

Ошону менен бирге Өмүркул уулу авария болгон күндүн эртеси жетекчилик кызматтан кетиргенин, ЖЭБке кирүүгө тыюу салынганын, андан сырткары Узак Кыдырбаев тарабынан коркутуп-үркүтүү болгонун ачыкка чыгарды. Мына ушул маалыматтар чыккандан кийин гана жайнаңдап отурган Кыдырбаевдин бети кичине кызарып, өңү кубарды. Мындайча айтканда, Нурлан Өмүркул уулу чындыктын чекесин чыгарды.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: