“Жандооч кийик аттырат дейт, мен ушул жаныбыздагы “Баласаруу” коомунун мүчөсү Зарылбек Рысалиевге айылдашы катары айткым келет, бул эмне деген жорук, мурунку бийлик камаш керек деп койсо эле, “камаш керек!” деп билдирүү тараттыңыз, бул сизге өтө уят! Мен да сизге окшоп Баласаруудан болом, бул уят нерсе! Сизди ушул депутаттыка көтөргөн Өмүрбек Бабанов болчу. Эми кудукка түкүрүп жатасыз да, мындай айтканда, мен ушул үчүн баягы “Белое солнце пустыни” деген кинодо “Абдулла, мне за державу обидно!” деген сөз бар, мага Кыргызстан үчүн обидно болуп жатат”, – деп билдирди бүгүн, 5-апрелде Таласта өткөн маалымат жыйынында Талас облусунун Баласаруу айылынын тургуну.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ