Menu

Видео – Роза Отунбаева: “Атамбаев менен Жээнбеков күндөштөрдөй эле кайым айтышып жатышат”

Бөлүшүү:

-Асилбек Жээнбеков партиядан чыгары менен дароо Атамбаев жооп берип “КСДП эбактан бери эле Жээнбековдорсуз эле күн көрүп келген” дептир. Экс-президенттин ушундай билдирүүлөрдү жасашына кандай баа бересиз?
-Мен буга абдан негативдүү баа берет элем. Атамбаев уятсыз сөздөрдү айтып жатат. Мен Жээнбековдорго жагынайын деп жаткан жокмун, бирок, 2007-жылы мен абдан жакшы билем, ал заманды, мени да ошол жылы жаңы эле КСДПга чакырышкан болчу. Биз парламенттик шайлоого даярданып жатканбыз. Ал кезде Атамбаевдин түштүк жакта эч кими жок болчу, такыр эч кими жок болчу. Мына, ошондо Асылбек КСДПга келип, Асылбектин күчү менен ошол жерде КСДПнын штабы пайда болуп, анын жанындагы жоро-жолдоштору келе баштады. Мен барчумун, мен облустардын баарын кыдырып келчүмүн.
-Асилбек Жээнбеков да ошол партиянын салымы жөнүндө сөз болгондо Оштон добуштардын 45%ын биз камсыздап бергенбиз деп айтпадыбы. Ушундай бийликтин сересинде олтурган адамдардын бири-бири менен айтышуусу элди бөлүп-жарууга алып барбайбы?
-Кантип бөлүп-жарат? Албетте бул жагымсыз сөздөр болуп жатат. Айтыш. Күндөштөр айтышып жаткандай эле кеп болуп жатат. Бул партиялык же партиянын лидерлеринин сөзү эмес… Жээнбековдордун КСДПга түштүктө кошкон чоң салымы – бул таналгыс факт. Ал эми Атамбаев түштүккө өзү барса, болгону аягында “свадебный генерал” катары гана барчу. Барып, иштеп, элдин арасында болуп, райондорго барып, элди үгүттөп дегендей иштерди Атамбаев эч качан жасабачу да.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: