“Биз бүгүн СДПКнын XVIII съездин өткөрүп, азыр эле аяктадык. Съезд ийгиликтүү өттү. Бийликтин тоскоолдуктарына карабай съездге шайланган 180 делегаттын 170 делегаты келип катышты. Айрым аймактарда съездге шайланган делегаттарды коркутуп-үркүтүп, барбагыла деп да жатышты. Негизги чечимдер жана резолюциялар кабыл алынды. Күч органдарына кайрылуу кабыл алдык. Анда тышкары эски Саясый кеңештин укугун токтотуп, жаңы Саясый кеңешти шайладык”, – деп билдирди бүгүн, 6-апрелде КСДПнын төрагасы Алмаз Атамбаев.
Андан кийин журналисттердин суранычы боюнча Атамбаев суроо-жоопторго өттү.
-Кечээ кабыл алынган экс-президенттин ишмердиги тууралу мыйзамга сиз кандай карайсыз? Экс-президенттин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чектөөлөр бар турбайбы ичинде…
-Ал чектөөлөр мыйзамсыз, Конституцияга каршы келет.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ